Бүгүнкү күндө "БУУнун коррупцияга каршы конвенциясы" бөлүмүнүн материалдары кыргыз тилине которулууда. Сиз бул темадагы маалыматтын орус тилиндеги материалдары менен www.un.org сайтынан "Конвенция ООН против коррупции" деген бөлүгүнөн тааныша аласыз.
УландысыКоррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылар
Башкы / Коррупцияга каршы иш-чаралар / Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылар
Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 8-августундагы № 153 Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамы коррупцияга каршы аракеттенүүнүн негизги принциптерин, коррупцияны алдын алуунун жана аны менен күрөшүүнүн укуктук жана уюштуруучулук негиздерин, коррупциялык укук бузуулардын кесепеттерин азайтуунун, жоюунун укуктук негиздерин белгилейт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин жана коомдук кызыкчылыктарды коррупциянын көрүнүштөрүнөн келип чыгуучу коркунучтардан коргоону камсыз кылууга багытталган.
УландысыКоррупциялык көрүнүштөргө каршы туруунун мамлекеттик стратегиясы (мындан ары - Стратегия) өлкө жетекчилигинин саясый эркин чагылдырат. Стратегиянын жоболору коррупциянын коомдогу өзөктүү себептерин жоюуга, комплекстүү максаттарга - коомдогу коррупциянын деңгээлин төмөндөтүүгө жетишүүнүн артыкчылыктарын, ырааттуулугун жана жолдорун аныктайт.
УландысыКыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 2-февралындагы № 26 "Кыргыз Республикасынын антикоррупциялык саясатынын Мамлекеттик стратегиясы жана коррупцияга каршы туруу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу, коррупцияга каршы аракеттенүү институттарын андан ары чыңдоо, коррупциянын түпкү себептерин жоюуда системалуулукту киргизүү, коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коом институттарынын жана жарандардын күч-аракеттерин бириктирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
УландысыУшул Мыйзам жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоого, коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамдарды куугунтуктоодон коргоону камсыз кылууга багытталган, ошол адамдарды коргоонун укуктук жана уюштуруучулук негиздерин белгилейт, ошондой эле калктын мамлекетке жана анын түзүмдөрүнө карата ишенимин бекемдөөгө багытталган.
Уландысы"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында коррупциялык тобокелдиктерди табууга, баалоого жана башкарууга карата бирдей ыкманы белгилөө максатында:
УландысыКыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 14-декабрындагы N 27 "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетиндеги Антикоррупциялык кызматты түзүү жөнүндө", 2012-жылдын 2-февралындагы N 26 "Кыргыз Республикасынын антикоррупциялык саясатынын Мамлекеттик стратегиясы жана коррупцияга каршы туруу боюнча чаралар жөнүндө" жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2012-жылдын 2-февралындагы "Коомдогу коррупциялык көрүнүштөргө каршы аракеттенүү боюнча чаралар жөнүндө" чечимин аткаруу үчүн Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөшүү боюнча алгачкы кадамдар жасалды, тиешелүү уюштуруучулук чаралар көрүлдү, укук коопсуздук органдарынын иши активдештирилди, мыйзамдык базаны жаңылоо башталды.
УландысыУшул Мыйзам мамлекеттик, муниципалдык жана ушул Мыйзамда каралган башка кызмат орундарын ээлеген адамдардын ишинде кызыкчылыктардын кагылышуусун башкаруунун уюштуруучулук жана укуктук негиздерин аныктайт жана алардын ишинде кызматтык милдеттерди аткарууда өздүк (жеке) кызыкчылыктарды (таламдаштыкты) жокко чыгаруучу коомдук кызыкчылыктарды камсыз кылууга багытталган.
Уландысы"Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
Уландысы