Пробация боюнча кеңештер
Жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга караштуу пробация Кеңеши
Жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга караштуу пробация Кеңеши (мындан ары - Кеңеш) жергиликтүү деңгээлде пробацияны ишке ашыруу маселелери боюнча кеңеш берүүчү жана консультативдик орган болуп саналат. Кеңеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Пробация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, башка ченемдик укуктук актыларды жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 666 токтому менен бекитилген пробацияны колдонуу жана кардарларды эсепке алуу тартибин жетекчиликке алат. Пробация боюнча кеңешке жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы башчылык кылат. Кеңешке пробацияны жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдардын аймактык өкүлдөрү, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү киргизилет. Макулдашуу боюнча пробация боюнча кеңешке коомчулуктун өкүлдөрү киргизилет. Пробация боюнча кеңештин катчылыгынын иш-милдеттерин пробациянын аймактык органы жүзөгө ашырат.
Кеңеш төмөнкү аймактык мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн түзүлөт:
- иш менен камсыз кылуу жана социалдык коргоо органдарынын;
- билим берүү органдарынын;
- саламаттык сактоо органдарынын;
- ички иштер органдарынын;
- калкты каттоо органдарынын.
Кеңештин курамына коомчулуктун өкүлдөрү да (аксакалдар сотунун, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдардын, эмгек жамааттарынын же бизнес коомчулуктун) кире алышат. Кеңештин курамы 11 адамдан ашпашы керек. Кеңеш, кеңештин жалпы санынын квалификациялуу көпчүлүгү болгон, жыйынга анын курамынын 2/3ү милдеттүү катышкан учурда чечимдерди кабыл алууга укуктуу.
Кеңеш өзүнүн ишин пландык негизде ишке ашырат жана кварталына бир жолудан кем эмес жыйын өткөрөт.
Кеңештин жетекчиси болуп жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы эсептелет.
Кеңештин жетекчиси Кеңештин ишин уюштурат, Кеңештин ишине тиешелүү билдирүүлөрдү жасайт, Кеңештин мүчөлөрүнүн ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт/
Кеңештин жеке курамы жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын чечими менен бекитилет.
Кеңештин Катчылыгынын иш-милдеттерин пробациянын аймактык органы жүзөгө ашырат.
Кеңештин Катчылыгы:
- кеңештин мүчөлөрүнө жыйналышты өткөрүүгө үч күн калгандан кечиктирбей, жыйналышты өткөрүүнүн убактысы жана орду, Кеңештин кароосуна киргизилген маселелердин тизмеси жөнүндө маалымдайт;
- кеңештин жыйындарынын протоколдорун жүргүзөт;
- Кеңештин мүчөлөрү үчүн Кеңештин жыйындарында кабыл алынган документтерди жөнөтүүнү камсыз кылат;
- кеңештин чечимдерин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу процессин координациялайт;
- кеңештин иши менен байланышкан маалыматтарды жалпылайт.
Кеңештин жыйынынын процессинде аныкталган пробация маселелерин ыкчам чечүү максатында жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы тарабынан тиешелүү чечим (токтом, буйрук) чыгарылат.
Кеңеш төмөнкү принциптердин негизинде иштейт:
- мыйзамдуулукту сактоо;
- ар бир аймактык мамлекеттик органдын макулдашылган чечимдерди аткарууда өзүнө берилген ыйгарым укуктардын чегинде өз алдынчалуулугу;
- макулдашылган чечимдерди аткарууда аткаруучулардын жеке жоопкерчилиги;
- маалыматтын ачыктыгы жана жеткиликтүүлүгү;
- кызыкчылыктардын кагылышын болтурбоо.
Кеңештин негизги максаты мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомчулуктун жана башка катышуучулардын пробациялык ишти жүзөгө ашырууга жана өнүктүрүүгө багытталган чараларын координациялоо жана күч аракеттерин бириктирүү болуп саналат.
Кеңештин негизги милдеттери пробациялык ишти жүзөгө ашыруу жана өнүктүрүү боюнча ар жылдык пландарды иштеп чыгуу жана мамлекеттик органдар жана башка уюмдар тарабынан анын ишке ашырылышын контролдоо болуп саналат.
Кеңеш максатка жетүү жана милдеттерди ишке ашыруу үчүн төмөнкү функцияларды аткарат:
-аймактык пробация органы тарабынан берилген пробацияны ишке ашыруу жаатындагы абалдын кырдаалын талдоо жана анын өзгөрүү динамикасы жөнүндө маалыматты угат;
-жергиликтүү деңгээлдеги пробация системасына кирген мамлекеттик органдардын жетекчилеринин отчетторун, ошондой эле пробация жөнүндө мыйзамдардын аткарылышы менен байланышкан көйгөйлүү маселелерди угат;
- кардарлардын социалдык адаптациялануусуна, кайра социалдашуусуна жардам көрсөтүү (билим алуу, ишке орноштуруу, медициналык тейлөө; реабилитациялык программаларга катышуу, кардарларды социалдык мекемелерге бөлүштүрүү, документтерин жана жоготулган укуктарын калыбына келтирүү ж.б.) жана кардарлардын арасында укук бузуулардын алдын алуу боюнча пробациялык иш-чараларды жүзөгө ашыруунун алкагында мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомчулуктун натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат;
- реалдуу өнөктөштүк мамилелер принциптеринде иш алып барат жана бардык мүчөлөрдү чечимдерди кабыл алуу процессинде катышууга жана өз пикирин айтууга толук укугу бар бирдей өнөктөш катары карайт.
Кеңеш өзүнүн функцияларын аткаруу үчүн анын иши үчүн зарыл болгон маалыматты пробация маселелери боюнча мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан белгиленген тартипте суроого жана алууга укуктуу.