Ош шаарында экстремизмдин жана терроризмдин алдын алуу боюнча иш-чара өттү
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Ош шаарында экстремизмдин жана терроризмдин алдын алуу боюнча иш-чара өттү
Пробация департаментинин Ош шаары боюнча бөлүмүндө каттоодо турган жарандар арасында кайра кылмыш жасоонун алдын алуу, экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүү багытында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Иш-чара экстремизмдин жана терроризмдин алдын алуу боюнча Декаданын алкагында уюштурулуп, ага Ош шаарынын мэриясынын, ички иштер башкармалыгынын, Дин иштери боюнча улуттук агенттиктин Түштүк аймактык бөлүмүнүн жана Ош шаардык мусулмандар казыятынын өкүлдөрү катышты.




