Медицина менен пробациянын ортосундагы көпүрө : Бишкекте «PRIDE 3» тренинги өттү
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Медицина менен пробациянын ортосундагы көпүрө : Бишкекте «PRIDE 3» тренинги өттү
Бишкек шаарында Йель университетинин «PRIDE 3» эл аралык долбоорунун алкагында опиоиддик көз карандылыкты дарылоого гумандуу жана илимий негизделген мамилени өнүктүрүүгө багытталган практикалык тренинг болуп өттү.
Иш-чарага эл аралык жана улуттук эксперттер, тиешелүү ведомстволордун өкүлдөрү жана медициналык адистер катышты. Негизги көңүл опиоиддик агонисттер менен алмаштыруучу терапияга (ЗАО) жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө, ошондой эле саламаттык сактоо системасы менен пробация органдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө бурулду.
Профессор Ф. Алтис пробация системасы менен саламаттык сактоо тармагынын өз ара кызматташуусу маанилүү экенин белгиледи. Профессор Линн Мадден метадон терапиясы менен пациенттердин психикалык жыргалчылыгынын ортосундагы байланыш маселелерин көтөрүп, комплекстүү мамиленин зарылдыгына көңүл бурду.
Тренингдин аягында профессор Ф. Алтис, профессор Линн Мадден жана Н. А. Шумскаянын катышуусунда ачык талкуу болуп, анын жүрүшүндө Кыргызстандагы «PRIDE 3» долбоорунун мындан аркы стратегиялык кадамдары аныкталды.




