Кыргыз Республикасынын Пробация департаменти
RU / KG
МЕНЮ
  • Башкы
  • Пробация
    • Пробациянын түрлөрү
    • Балдарга карата пробация
    • Пробациянын кардарларынын категориясы
    • Эл аралык стандарттар
    • Дүйнөдөгү пробация
  • Департамент
    • Аналитикалык документтер
    • Ченемдик документтер
    • Пробация департаментинин түзүү тарыхы
    • Департаменттин түзүмү
    • Пробация департаментинин символикасы
    • Пробация департаментинин комиссиялары
    • Пробация боюнча кеңештер
    • Биздин өнөктөштөр
    • Пробациянын ыктыярчылары
  • Кардарлар үчүн
    • Пробациянын кардары деген ким?
    • Укуктар жана милдеттер
    • Жардам борборлору
    • Кайра социалдаштыруу долбоорлор жана программалары
    • Сиздин укуктарыңыз бузулдубу?
  • Окуялар
    • Жаңылыктар
    • Коомдук иштер
    • ЖМК пробация жөнүндө
    • Пробация боюнча кеңеш
    • Фотогалерея
    • Видеоматериалдар
    • Басма сөз кызматы менен байланышуу
  • Байланыш
    • Пробация органдарынын даректери
    • Пробация департаментинин Борбордук аппараты
    • Пробация департаментинин Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча аймак аралык башкармалыгы
    • Пробация департаментинин Ош, Баткен облустары боюнча аймак аралык башкармалыгы
    • Пробация департаментинин Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймак аралык башкармалыгы
    • Пробация департаментинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалык

Кайра социалдаштыруу долбоорлор жана программалары

Башкы / Кардарлар үчүн / Кайра социалдаштыруу долбоорлор жана программалары

Кайра социалдаштыруу долбоорлор жана программалары

Коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу, пробациянын кардарларын түзөө жана кайра социалдаштыруу үчүн шарттарды түзүү, алардын жаңы укук бузууга баруусун алдын алуу –пробациянын максаттары болуп саналат. 

Кайра социалдаштыруу –пробациянын кардарынын жазаны же жазык-укуктук таасир этүүнүн мажбурлоо чарасын өтөгөндөн кийин анны коомго оң интеграциялоого түрткү берүүчү социалдык байланыштарды калыбына келтирүү процесси.

Сотко чейинки, аткаруу, пенитенциардык жана пенитенциардан кийинки пробацияда кайра социалдаштыруу үчүн оптималдуу шарттарды түзүү максатында пробациянын кардарларына социалдык-укуктук жана психологиялык жардам көрсөтүү боюнча иш-чаралар жүргүзүлөт.

Социалдык-укуктук жардам көрсөтүүнүн жеке программасы

Пробациянын кардарынын муктаждыктарына жараша социалдык-укуктук жардам көрсөтүүнүн жеке программасы (мындан ары - программа) төмөнкүдөй иш-чараларды камтыйт:

  1. социалдык-укуктук жана психологиялык жардам көрсөтүү;
  2. ишке орношууга көмөк көрсөтүү;
  3. тутумдук эмгек иши менен алектенүү үчүн оң психологиялык багыт алууну калыптандыруу;
  4. билим алууга жана кесипке ээ болууга көмөк көрсөтүү;
  5. юридикалык жардам берүү;
  6. турган жери же жашаган жери боюнча каттоо үчүн зарыл документтерди алууга жардам көрсөтүү; 
  7. медициналык, социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алууга, пенсия менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүү;
  8. социалдык-пайдалуу байланыштарды калыбына келтирүү жана калыптандыруу.

Кардардын кайра социалдашуусуна көмөк көрсөтүүнү уюштуруу

Көмөк көрсөтүү пробациянын аймактык органынын тиешелүү адисинин кардар менен сүйлөшүүсүнөн башталат.

Пробациянын аймактык органы соттук акты катталган учурдан тартып 25 календардык күндөн ашпаган мөөнөттө кардар жөнүндө маалыматтарды чогултууну (зарыл болгон учурда волонтерлорду тартуу менен) уюштурат.

Маалыматтарды чогултуунун жыйынтыгы боюнча 3 күндүн ичинде аны баалоо (талдоо) жүргүзүлөт жана бул баалоонун негизинде 2 күндүн ичинде төмөнкүлөрдү көрсөтүү менен корутунду чыгарылат:

  • кардардын психологиялык абалын;
  • кардардын социалдык керектөөлөрүн (жалпы жана кесиптик билиминин жана жумушунун, пенсиялык камсыздоосунун болушун, турмуш-тиричилик шарттарынын абалын, үй-бүлөлүк байланыштарын калыбына келтирүү);
  • кардардын медициналык жардамга муктаждыктарын;
  • юридикалык жардамга, жоголгон документтерин (паспорт, туулгандыгы тууралуу күбөлүк, айдоочулук күбөлүк, пенсия күбөлүгү, билими тууралуу диплом же аттестат жана башкалар) жана жоготулган укуктарын калыбына келтирүү үчүн юридикалык жардамга муктаждыктарын;
  • тобокелдиктерди баалоону (кылмыш жасоону кайталоо коркунучун, девианттык жүрүм-турумга берилүүсүн, психоактивдүү заттарга көз карандылыгын жана башка тобокелдиктерди).

Корутундунун негизинде адистердин катышуусунда Программаны түзүү зарылдыгы жөнүндө чечим кабыл алынат.

Программаны түзүү чечими кабыл алыныган учурда, аталган Программа пробациянын аймактык органынын жетекчиси тарабынан бекитилет.

Программага ылайык:

  • кардар үчүн билим берүү, психореабилитациялоо, көз карандылыкты төмөндөтүү, чыр-чатактарды жана агрессияны башкаруу чөйрөсүндө тийиштүү реабилитациялык программалар жана башка терапиялык мүнөздөгү программалар аныкталат;
  • мамлекеттик, эл аралык, коммерциялык эмес уюмдар менен кардарга реабилитациялык, терапиялык программаларды берүү жөнүндө өз ара аракеттенүү уюштурулат;
  • "Пробация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-31-беренелерине ылайык волонтерлор тартылат.

Программа алты айлык мөөнөткө түзүлөт, анын аралыгында ал кардардын жүрүм-турумуна жана анын муктаждыктарынын өзгөрүүсүнө жараша өзгөртүлүшү мүмкүн.

Программаны өтүүнүн жыйынтыгы боюнча кардардын катышуусу менен пробация органы тарабынан Программаны ийгиликтүү аяктоо же аны улантуу жөнүндө чечим кабыл алынат.

Документтин түп нускасы

Ыктыярчылар

Жардам бергиңиз келеби?

Акыркы жаңылыктар

  • Пробация в Кыргызстане - «Пробацияны колдонууга байланыштуу кылмыш-жаза сот өндүрүшү» темасында тренинг болуп өттү.
    «Пробацияны колдонууга байланыштуу кылмыш-жаза сот өндүрүшү» темасында тренинг болуп өттү.
  • Пробация в Кыргызстане - «Баарына сот адилеттүүлүк» долбоорунун жетектөөчү комитетинин бешинчи жыйыны болуп өттү.
    «Баарына сот адилеттүүлүк» долбоорунун жетектөөчү комитетинин бешинчи жыйыны болуп өттү.
  • Пробация в Кыргызстане - Пробация департаментинде Больцман институтунун өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу болуп өттү
    Пробация департаментинде Больцман институтунун өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу болуп өттү
  • Пробация в Кыргызстане - Пробация кызматкерлери ВИЧ жана кургак учук контекстинде кардарлар менен иштөө маселери боюнча окууд
    Пробация кызматкерлери ВИЧ жана кургак учук контекстинде кардарлар менен иштөө маселери боюнча окууд...

Категории

  • Пробации
  • О департаменте
  • Кардарлар үчүн
  • Международная практика
  • События

Кыргызстандагы пробация

Пробация - инсанды социалдык изилдөөгө негизделген жана пробациянын кардарларын оңдоого, укук бузуулардын алдын алууга, социалдык жардам көрсөтүүгө жана аларды кайра жандандыруу боюнча чараларды көрүүгө багытталган мамлекеттин социалдык-укуктук мекемеси.


Сайттын бөлүктөрү

  • Пробация жөнүндө
  • Департамент жөнүндө
  • Кардарлар үчүн
  • Эл аралык тажрыйба
  • Биздин өнөктөштөр
  • Жаңылыктар

Ченемдик укуктук актылар

  • КР Конституциясы
  • КР "Пробация жөнүндө" Мыйзамы
  • КР Жазык Кодекси
  • КР Жазык-процесстик Кодекси
  • Жазык-аткаруу Кодекси
  • Бузуулар жөнүндө Кодекси

Негизги байланыш

Кыргызстан, Бишкек ш.,
Ч. Айтматова көч, 1,

Тел: +996 (312) 315950,
Email: info@probation.gov.kg,

Кабыл алуу сааты: Дш-Жм, 09:00-18:00

© 2025 Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти

Веб-сайт Эл аралык Кызыл Крест Комитетинин колдоосу менен иштелип чыккан

Ошибка в тексте? Выделите ее мышкой и
нажмите CTRL + ENTER