Кыргыз Республикасынын Пробация департаменти
RU / KG
МЕНЮ
  • Башкы
  • Пробация
    • Пробациянын түрлөрү
    • Балдарга карата пробация
    • Пробациянын кардарларынын категориясы
    • Эл аралык стандарттар
    • Дүйнөдөгү пробация
  • Департамент
    • Аналитикалык документтер
    • Ченемдик документтер
    • Пробация департаментинин түзүү тарыхы
    • Департаменттин түзүмү
    • Пробация департаментинин символикасы
    • Пробация департаментинин комиссиялары
    • Пробация боюнча кеңештер
    • Биздин өнөктөштөр
    • Пробациянын ыктыярчылары
  • Кардарлар үчүн
    • Пробациянын кардары деген ким?
    • Укуктар жана милдеттер
    • Жардам борборлору
    • Кайра социалдаштыруу долбоорлор жана программалары
    • Сиздин укуктарыңыз бузулдубу?
  • Окуялар
    • Жаңылыктар
    • Коомдук иштер
    • ЖМК пробация жөнүндө
    • Пробация боюнча кеңеш
    • Фотогалерея
    • Видеоматериалдар
    • Басма сөз кызматы менен байланышуу
  • Байланыш
    • Пробация органдарынын даректери
    • Пробация департаментинин Борбордук аппараты
    • Пробация департаментинин Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча аймак аралык башкармалыгы
    • Пробация департаментинин Ош, Баткен облустары боюнча аймак аралык башкармалыгы
    • Пробация департаментинин Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймак аралык башкармалыгы
    • Пробация департаментинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалык

Балдарга карата пробация

Башкы / Пробация / Балдарга карата пробация

Балдарга карата пробация

Ювеналдык пробация

Пробация (англ. probation - сыноо) – бул шарттуу жазанын бир түрү.  Анда соттолуучуга сот аныктаган сынак убакыты берилип,  ал атайын органдардын көзөмөлүндө болот.  

"Ювеналдык" (лат. juvenalis - «жаш», «жаш адам, өспүрүм, кыз») -  балдар жана өспүрүмдөр менен байланышкан, аларга каршы   кылмыштар жана алар жасаган кылмыштарды билдирет.

 

Балдарга карата пробация (ювеналдык пробация) алардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын камсыз кылуу, алардын кайталап укук бузууну жасоосун болтурбай коюу, психологиялык-педагогикалык процесстин натыйжалуулугун камсыз кылуу, ошондой эле аларды кайра социалдаштыруу жана коомго кайра интеграциялоо максатында жүзөгө ашырылат.


Пробациянын, Кыргыз Республикасынын Пробация жөнүндө мыйзамында белгиленген формалары балдарга карата ювеналдык пробациянын төмөнкүдөй принциптерин сактоо менен колдонулат:

1) ювеналдык пробацияда ата-энелердин, аларды алмаштырган адамдардын, мыйзамдуу өкүлдөрдүн, камкорчулардын, көзөмөлчүлөрдүн, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдардын жана коомчулуктун милдеттүү түрдө катышуусу;

2) балдар менен өткөрүлүүчү иш-чараларга психологиялык-педагогикалык мамиле кылуу, тиешелүү адистерди тартуу;

3) пробация органдарынын (кызмат адамдарынын) балдар менен иштөөсүн адистештирүү;

4) балдарга, ювеналдык пробациянын кардарларына карата пландын жана программанын иш-чараларын пробациянын башка кардарларынан өзүнчө жүргүзүү;

5) берилүүчү социалдык-укуктук кызмат көрсөтүүлөргө жетүүнү камсыз кылуу.


Ювеналдык пробациянын ишинин багыттары

1. Балдарга карата пробация төмөнкүлөргө багытталган:

1) инсандын кайра социалдаштырууга жана калыптандырууга;

2) турмуштук көндүмдөргө, укукка баш ийген, жашоонун сергек мүнөзүнө, жалпы кабыл алынган баалуулуктарга жана коомдогу жүрүм-турум эрежелерине үйрөтүүгө;

3) өз алдынчалыкты өнүктүрүүгө;

4) балдарга жардам көрсөтүү жана оор турмуштук кырдаалга кабылуу тобокелдигин болтурбай коюу боюнча үй-бүлөнүн жана коомдун мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүгө;

5) билим алууга;

6) социалдык турак жай жана социалдык жардам менен камсыз кылууга.

Балдарга карата пробация пробациянын кардарынын ким экендигин социалдык-психологиялык изилдөөгө негизделет жана ага моралдык, дөөлөттүк багыт алууларды өзгөртүүгө, инсандын өзүнө өзү ички баа берүүсүн иштеп чыгууга жана аларды оң өзгөрүүлөргө жүйөлөштүрүүгө, социалдык-укуктук жардам көрсөтүүнүн жеке программасына катышууга багытталган психологиялык түзөөчү таасир этүүдө турат.


Балдар, ювеналдык пробациянын кардарлары менен төмөнкүлөр боюнча иш жүргүзүлөт:

1) алардын ата-энелери, туугандары же мыйзамдуу өкүлдөрү, ошондой эле ага оң таасир этүүчү башка адамдар менен социалдык-пайдалуу жана туруктуу байланыштарды түзүү жана колдоо;

2) үй-бүлөнүн жана социалдык чөйрөнүн ага зарыл жардам көрсөтүү боюнча мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылуу жана өнүктүрүү;

3) балдардын кароосуз жана көзөмөлсүз калышынын себептерин четтетүү;

4) балдарга, ювеналдык пробациянын кардарларына карата үй-бүлөлүк зомбулук фактыларын алдын алуу, бөгөт коюу боюнча мыйзамдарда каралган чараларды көрүү;

5) балдарды камкордукка алууну жана көзөмөлчүлүк кылууну, асырап алууну белгилөө;

6) атайын билим берүү уюмунда окутуу;

7) тарбиялоо абактарынан бошотулган жетим балдарды социалдык турак жай (жатакана) менен камсыз кылуу.

4. Балдарга, ювеналдык пробациянын кардарларына карата план жана программа балдарга байкоо жүргүзүүнүн натыйжаларын эске алуу менен мезгил-мезгили менен кайра каралып турууга тийиш.


Ыктыярчылар

Жардам бергиңиз келеби?

Акыркы жаңылыктар

  • Пробация в Кыргызстане - «Пробацияны колдонууга байланыштуу кылмыш-жаза сот өндүрүшү» темасында тренинг болуп өттү.
    «Пробацияны колдонууга байланыштуу кылмыш-жаза сот өндүрүшү» темасында тренинг болуп өттү.
  • Пробация в Кыргызстане - «Баарына сот адилеттүүлүк» долбоорунун жетектөөчү комитетинин бешинчи жыйыны болуп өттү.
    «Баарына сот адилеттүүлүк» долбоорунун жетектөөчү комитетинин бешинчи жыйыны болуп өттү.
  • Пробация в Кыргызстане - Пробация департаментинде Больцман институтунун өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу болуп өттү
    Пробация департаментинде Больцман институтунун өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу болуп өттү
  • Пробация в Кыргызстане - Пробация кызматкерлери ВИЧ жана кургак учук контекстинде кардарлар менен иштөө маселери боюнча окууд
    Пробация кызматкерлери ВИЧ жана кургак учук контекстинде кардарлар менен иштөө маселери боюнча окууд...

Категории

  • Пробации
  • О департаменте
  • Кардарлар үчүн
  • Международная практика
  • События

Кыргызстандагы пробация

Пробация - инсанды социалдык изилдөөгө негизделген жана пробациянын кардарларын оңдоого, укук бузуулардын алдын алууга, социалдык жардам көрсөтүүгө жана аларды кайра жандандыруу боюнча чараларды көрүүгө багытталган мамлекеттин социалдык-укуктук мекемеси.


Сайттын бөлүктөрү

  • Пробация жөнүндө
  • Департамент жөнүндө
  • Кардарлар үчүн
  • Эл аралык тажрыйба
  • Биздин өнөктөштөр
  • Жаңылыктар

Ченемдик укуктук актылар

  • КР Конституциясы
  • КР "Пробация жөнүндө" Мыйзамы
  • КР Жазык Кодекси
  • КР Жазык-процесстик Кодекси
  • Жазык-аткаруу Кодекси
  • Бузуулар жөнүндө Кодекси

Негизги байланыш

Кыргызстан, Бишкек ш.,
Ч. Айтматова көч, 1,

Тел: +996 (312) 315950,
Email: info@probation.gov.kg,

Кабыл алуу сааты: Дш-Жм, 09:00-18:00

© 2025 Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти

Веб-сайт Эл аралык Кызыл Крест Комитетинин колдоосу менен иштелип чыккан

Ошибка в тексте? Выделите ее мышкой и
нажмите CTRL + ENTER