Пробациянын кардарларынын категориясы
Пробациянын кардарлары жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Пробация жөнүндө” мыйзамынын 5 беренесинин 1-бөлүгүндөгү 1-ден 3-пункттарына чейин билсеңер болот.
Аткаруу, пенитенциардык жана пенитенциардан кийинки пробацияда пробация органы, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары пробациянын кардарларына кайра социалдаштырууда жана оор турмуштук кырдаалдан чыгууда көмөк көрсөтөт, ал жеке мамиле жасоого, пробациянын кардарынын ким экендиги жана муктаждыктары жөнүндө маалыматты талдоого негизделген.
Соттун өкүмү менен коомдон обочолонтпостон жаза жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чаралары дайындалган адамдар пробациянын кардарлары болуп саналат.
Бул коомдук иштер, белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан ажыратуу, түзөтүү иштери жана эркиндигин чектөө. Ошондой эле соттун чечими менен укук бузуулар үчүн жаза чаралары колдонулгандар.
Өспүрүм балдар жана кыздар биздин кардарлар болгондо, аларга эскертүү менен тарбиялоо мүнөздөгү мажбурланган чаралар колдонулат.
Ошондой эле, биздин кардарлар болуп:
- пробациялык баяндама даярдалып жаткан айыпталуучулар;
- пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жазык жазасынан бошотулган соттолгондор, башкача айтканда коомдон обочолонтуп камоо түрүндөгү жазанын ордуна пробациялык көзөмөл колдонулган соттолгондор;
- шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотулган жана жаза өтөө мөөнөтү аяктаганы үчүн түзөтүү мекемелеринен бошотула жаткан соттолгондор.
Эмне үчүн мыйзам тарабынан алар кардар катары аныкталган?
Көптөгөн өлкөлөрдө жазык сот адилеттиги тутуму жазага гана эмес, реабилитацияга жана реинтеграцияга көбүрөөк көңүл бура баштады. «Кардар» термини «соттолгон» же «кылмышкер» сыяктуу жазалоочу сөздөрдөн баш тартуу менен комплекстүү жана колдоочу мамилеге өтүүнү чагылдырат.
«Кардар» термини пробациянын негизги максаты-коомго ийгиликтүү реинтеграциялоо деген идеяга шайкеш келет. «Соттолгон» же «кылмышкер» сыяктуу стигматизациялоочу белгилерден баш тартуу социалдык стигманы азайтууга мүмкүндүк берет.