Департаменттин түзүмү
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти, борбордук аппараттан, 3 Аймак аралык башкармалыктан, 1 облустук башкармалыктан, 3 облустук бөлүмдөн, ошондой эле 51 шаардык жана райондук пробация органдарынан турат, штаттык саны 273 бирдикти түзөт.
Пробация департаментинин борбордук аппаратынын түзүмүндө жетекчилик курам катары Департаменттин директору жана анын эки орун басары кирет.
Мындан тышкары, борбордук аппараттын түзүмүнө төмөнкү сегиз түзүмдүк бөлүмдөр кирет:
Адам ресурстарын башкаруу бөлүмү;
Эсеп жана мониторинг башкармалыгы;
Социалдык коштоо жана пенитенциардык пробация башкармалыгы;
Психологиялык иш боюнча башкармалыгы;
Окуу-методикалык бөлүм;
Финансылык-чарбалык бөлүм;
Укуктук камсыздоо жана эл аралык кызматташтык бөлүмү;
Уюштуруу-контролдоо бөлүмү;
Пресс-катчы
Бул бөлүмдөрдүн ар биринин курамында тиешелүү бөлүмдөр жана секторлор иш жүргүзөт.
Социалдык коштоо жана пенитенциардык пробация башкармалыгынын курамында пенитенциардык пробация сектору иштейт.
Эсеп алуу жана мониторинг башкармалыгынын алдында төмөнкү түзүмдөр иш алып барат:
- электрондук эсеп жана мониторинг бөлүмү,
- ТМЭБТ сектору
Уюштуруу-контролдоо бөлүмүндо иш кагаздарын жүргүзүү сектору бар.



