Жаңы автоунаалар Пробация департаментине тапшырылды.
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Жаңы автоунаалар Пробация департаментине тапшырылды.
Жаңы автоунаалар Пробация департаментине тапшырылды.
Европа Биримдигинин өкүлү жана БУУ БКБ элчиси Пробация департаментинин директоруна жаңы автоунаалардын ачкычтарын тапшырды.
Пробация департаменти 10 жаңы автоунаа менен камсыздалды. Автоунаалар Европа Биримдигинин колдоосу менен сатып алынган жана пробация жаатындагы кызматтык ишмердүүлүктү натыйжалуу жүргүзүүгө багытталган.
Жаңы кызматтык автоунаалар кызматкерлерге пробация кардарларынын жашаган жерлеринде профилактикалык сүйлөшүүлөрдү жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү жеңилдетет жана алардын мыйзам бузбоосуна өбөлгө түзөт.