Кыргыз Республикасынын Пробация департаменти
RU / KG
МЕНЮ
  • Башкы
  • Пробация
    • Пробациянын түрлөрү
    • Балдарга карата пробация
    • Пробациянын кардарларынын категориясы
    • Эл аралык стандарттар
    • Дүйнөдөгү пробация
  • Департамент
    • Аналитикалык документтер
    • Ченемдик документтер
    • Пробация департаментинин түзүү тарыхы
    • Департаменттин түзүмү
    • Пробация департаментинин символикасы
    • Пробация департаментинин комиссиялары
    • Пробация боюнча кеңештер
    • Биздин өнөктөштөр
    • Пробациянын ыктыярчылары
  • Кардарлар үчүн
    • Пробациянын кардары деген ким?
    • Укуктар жана милдеттер
    • Жардам борборлору
    • Кайра социалдаштыруу долбоорлор жана программалары
    • Сиздин укуктарыңыз бузулдубу?
    • Психологдордун кабыл алуу графиги
    • Сот тарабынан террористик жана экстремистик деп табылган уюмдардын тизмеси
  • Окуялар
    • Жаңылыктар
    • Коомдук иштер
    • ЖМК пробация жөнүндө
    • Пробация боюнча кеңеш
    • Фотогалерея
    • Видеоматериалдар
    • Басма сөз кызматы менен байланышуу
  • Байланыш
    • Пробация органдарынын даректери
    • Пробация департаментинин Борбордук аппараты
    • Пробация департаментинин Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча аймак аралык башкармалыгы
    • Пробация департаментинин Ош жана Баткен облустары боюнча аймак аралык башкармалыгы
    • Пробация департаментинин Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймак аралык башкармалыгы
    • Пробация департаментинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалык

2026–2028-жылдарга карата Улуттук пландын алкагында профилактикалык иш-чаралар өткөрүлдү

Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / 2026–2028-жылдарга карата Улуттук пландын алкагында профилактикалык иш-чаралар өткөрүлдү

2026–2028-жылдарга карата Улуттук пландын алкагында профилактикалык иш-чаралар өткөрүлдү

2026-05-28 11:38:34

Кыргыз Республикасынын 2022–2028-жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын ишке ашыруу боюнча 2026–2028-жылдарга карата Улуттук пландын 33-пунктунда каралган «Балдар арасында алдын алуу иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу» иш-чарасын аткаруу максатында өлкөнүн бир катар аймактарында өспүрүмдөр арасында укук бузуулардын алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чаралар өткөрүлдү.


Аталган иш-чаралар «Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин 3-пунктуна, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 23-августундагы №469 токтому менен бекитилген укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясына ылайык уюштурулду.


Чүй облусунун Аламүдүн району боюнча пробация бөлүмү тарабынан өткөрүлгөн иш-чаралардын алкагында В.И. Ленин атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде жана Васильевка №1 жалпы билим берүүчү орто мектебинде окуучулар менен тематикалык жолугушуулар жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Иш-чараларга Аламүдүн районунун жалпы билим берүү мекемелеринин директорлору, райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жана мектеп окуучулары катышты. Жалпысынан 105 окуучу камтылды.


Жолугушуулардын жүрүшүндө өспүрүмдөр арасында укук бузуулардын алдын алуу, укуктук аң-сезимди калыптандыруу жана зомбулуксуз жүрүм-турум маданиятын өнүктүрүү боюнча кеңири түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле мектептердин, ата-энелердин жана тиешелүү мамлекеттик органдардын өз ара кызматташуусун күчөтүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.


Ак-Суу району боюнча пробация органы тарабынан Ак-Суу айылында жайгашкан М. Мамакеев атындагы орто мектептин 9–11-класстарынын окуучулары арасында укук бузуулардын алдын алуу боюнча лекция өткөрүлдү.


Мындан тышкары, Өзгөн району боюнча пробация бөлүмү Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн балдар менен иштөө инспекторлору жана ОшТУнун академик Б. Мурзубраимов атындагы Эл аралык технологиялык жана билим берүү институтунун окутуучулары менен биргеликте 16–18 жаштагы студенттер үчүн профилактикалык жолугушуу өткөрдү.


Иш-чаранын жүрүшүндө студенттерге пробация чөйрөсүндөгү мыйзамдар, алардын укуктары жана милдеттери тууралуу маалымат берилип, жаштар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу маселелери талкууланды.


Ошондой эле Ош шаары боюнча пробация бөлүмү Ош шаарындагы №21 А.С. Пушкин атындагы мектеп-гимназиясында жашы жете электер менен иштөө инспекторлору менен биргеликте профилактикалык иш-чара уюштурду.


Жолугушууда окуучуларга кылмыштуулуктун алдын алуу, үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү, мыйзамдарды сактоонун маанилүүлүгү жана укуктук жоопкерчилик тууралуу маалыматтар берилди.


Өткөрүлгөн иш-чаралар жаш өспүрүмдөрдүн укуктук маданиятын жогорулатууга, мыйзамды сыйлоо түшүнүгүн калыптандырууга жана өспүрүмдөр арасында терс көрүнүштөрдүн алдын алууга багытталды.

Ыктыярчылар

Жардам бергиңиз келеби?

Акыркы жаңылыктар

  • Пробация в Кыргызстане - Кыргызстан менен Япония укук, пробация жана сот ишмердүүлүгү жаатында тажрыйба алмашууда
    Кыргызстан менен Япония укук, пробация жана сот ишмердүүлүгү жаатында тажрыйба алмашууда
  • Пробация в Кыргызстане - Медицина  менен пробациянын ортосундагы көпүрө : Бишкекте «PRIDE 3»  тренинги өттү
    Медицина менен пробациянын ортосундагы көпүрө : Бишкекте «PRIDE 3» тренинги өттү
  • Пробация в Кыргызстане - Өспүрүмдөр арасында профилактикалык иш-чаралар өткөрүлдү
    Өспүрүмдөр арасында профилактикалык иш-чаралар өткөрүлдү
  • Пробация в Кыргызстане - Пробация жана үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөш
    Пробация жана үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөш

Категории

  • Пробации
  • О департаменте
  • Кардарлар үчүн
  • Международная практика
  • События

Кыргызстандагы пробация

Пробация - инсанды социалдык изилдөөгө негизделген жана пробациянын кардарларын оңдоого, укук бузуулардын алдын алууга, социалдык жардам көрсөтүүгө жана аларды кайра жандандыруу боюнча чараларды көрүүгө багытталган мамлекеттин социалдык-укуктук мекемеси.


Сайттын бөлүктөрү

  • Пробация жөнүндө
  • Департамент жөнүндө
  • Кардарлар үчүн
  • Эл аралык тажрыйба
  • Биздин өнөктөштөр
  • Жаңылыктар

Ченемдик укуктук актылар

  • КР Конституциясы
  • КР "Пробация жөнүндө" Мыйзамы
  • КР Жазык Кодекси
  • КР Жазык-процесстик Кодекси
  • Жазык-аткаруу Кодекси
  • Бузуулар жөнүндө Кодекси

Негизги байланыш

Кыргызстан, Бишкек ш.,
Ч. Айтматова көч, 1,

Тел: +996 (312) 315950,
Email: probation@minjust.gov.kg,

Кабыл алуу сааты: Дш-Жм, 09:00-18:00

© 2026 Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти

Веб-сайт Эл аралык Кызыл Крест Комитетинин колдоосу менен иштелип чыккан

Ошибка в тексте? Выделите ее мышкой и
нажмите CTRL + ENTER