Кыргыз Республикасынын Пробация департаменти
RU / KG
МЕНЮ
  • Башкы
  • Пробация
    • Пробациянын түрлөрү
    • Балдарга карата пробация
    • Пробациянын кардарларынын категориясы
    • Эл аралык стандарттар
    • Дүйнөдөгү пробация
  • Департамент
    • Аналитикалык документтер
    • Ченемдик документтер
    • Пробация департаментинин түзүү тарыхы
    • Департаменттин түзүмү
    • Пробация департаментинин символикасы
    • Пробация департаментинин комиссиялары
    • Пробация боюнча кеңештер
    • Биздин өнөктөштөр
    • Пробациянын ыктыярчылары
  • Кардарлар үчүн
    • Пробациянын кардары деген ким?
    • Укуктар жана милдеттер
    • Жардам борборлору
    • Кайра социалдаштыруу долбоорлор жана программалары
    • Сиздин укуктарыңыз бузулдубу?
  • Окуялар
    • Жаңылыктар
    • Коомдук иштер
    • ЖМК пробация жөнүндө
    • Пробация боюнча кеңеш
    • Фотогалерея
    • Видеоматериалдар
    • Басма сөз кызматы менен байланышуу
  • Байланыш
    • Пробация органдарынын даректери
    • Пробация департаментинин Борбордук аппараты
    • Пробация департаментинин Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча аймак аралык башкармалыгы
    • Пробация департаментинин Ош, Баткен облустары боюнча аймак аралык башкармалыгы
    • Пробация департаментинин Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймак аралык башкармалыгы
    • Пробация департаментинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалык

Пробациянын ыктыярчылары

Башкы / Департамент / Пробациянын ыктыярчылары

Пробациянын ыктыярчылары

Ыктыярчылык убакыттан, кесиптен жана жаш курактан тышкары турат. Жардам берүү ар бир адамга таандык болгон ички муктаждык жана миллиондогон адамдар бул ишке толугу менен жан аябастык менен катышат.

Ыктыярчылардын кыймылы – өз укуктары менен милдеттери бар, бир нече тараптын ортосундагы социалдык өнөктөштүк. Мындай кыймыл социалдык өнөктөштүктүн натыйжалуу механизми катары өз натыйжалуулугун далилдеди.

Пробациянын ыктыярчысы – бул 18 жаштагы же андан улуу жаш жаран. Анын жалпы орто, кесиптик орто же жогорку билимди аяктагандыгы жана окуган же иштеген жерден сунуш-көрсөтмөлөр өзгөчө эске алынат.

Биздин ыктыярчыбыз демилгелүү, жоопкерчиликтүү жана командада иштей алат.

Пробациянын ыктыярчысы психоневрологиялык жана наркологиялык диспансерлерде каттоодо турбайт жана анын соттолгондугу жок!
Ыктыярчыны тандоону сиз кайрылган пробация органы жүргүзөт.
Ыктыярчы катары иштөө үчүн тандалган талапкерлер атайын окуудан өтөт. Окуудан өткөн адамдарга ыктыярчынын күбөлүгү берилип, ошондон кийин гана иштөөгө жол берилет.

Ар бир ыктыярчынын укуктары жана милдеттери бар!

Пробациянын бир ыктыярчысы 10 кардарды гана көзөмөлгө ала алат.

 ЫКТЫЯРЧЫ ТӨМӨНКҮЛӨРГӨ УКУКТУУ:
1) пробация органынын тапшырмасы боюнча бузуу фактылары боюнча түшүндүрмөлөрдү ылгоого, пробациянын кардарлары жөнүндө пикирлерди чогултууну жүзөгө ашырууга, аларга мүнөздөмөлөрдү түзүүгө;
2) пробация органынын жана анын кызмат адамдарынын талаптарын, суроо-талаптарын мамлекеттик жана башка органдарга, менчигинин түрүнө карабастан мекемелерге, уюмдарга жана ишканаларга берүүгө жана алардан тиешелүү жоопторду, маалымкаттарды жана башка документтерди алууга;
3) пробациянын кардарларынан коомдук тартипти сактоону, моралдык жана коомдук турмуштун жалпы таанылган ченемдерин бузган укук бузууларга жана аракеттерге жол бербөөнү талап кылууга;
4) пробациянын кардарларынан планды жана программаны сактоону талап кылууга.

ЫКТЫЯРЧЫ ТӨМӨНКҮЛӨРГӨ МИЛДЕТТҮҮ:
1) пробация органы тарабынан өткөрүлүүчү иш-чараларга катышууга;
2) планды жана программаны аткарууда пробациянын кардарына көмөк көрсөтүүгө;
3) пробация органдарынын персоналынын мыйзамга каршы келбеген көрсөтмөлөрүн аткарууга;
4) пробациянын кардары менен жакын жана туугандык байланыштарынын бар экендиги жөнүндө пробация органына билдирүүгө;
5) пробациянын кардары пробациялык милдеттерин аткарбаган учурда, ошондой эле ал укук бузуу жасаганда пробация органына дароо билдирүүгө.

ЫКТЫЯРЧЫЛАРГА ТӨМӨНКҮЛӨР ТЫЮУ САЛЫНАТ:
1) пробация органына кабардар кылбай туруп пробациянын кардарлары менен иш-чараларды өз алдынча өткөрүүгө;
2) пробациянын кардарлары жөнүндө маалыматтарды ачыкка чыгарууга;
3) пробациянын кардарлары менен кызматтык эмес байланыштарды түзүүгө;
4) соттолгон адамдын жүрүм-турумуна терс таасир этүүчү башка аракеттерди жасоого.

Пробациянын волонтерлору мыйзам менен конфликтте турган жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөөгө да тартылат.
Бул жерде, волонтердун эмгеги жашы жете элек өспүрүмдөрдү ичкиликти, тамеки чегүүнү, баңгиликти, укук бузууларды жана коомго жат мүнөздөгү жүрүм-турумдарды ж. б. алдын алуу боюнча иш-чараларга тартуудан башталат.

Пробациянын ыктыярчысы жашы жете элек балдарга мыйзамга баш ийген жашоо мүнөзүнүн маанилүүлүгү жана пайдалуулугу жөнүндө маалымдоо үчүн бардык күч-аракеттерин жумшайт. Ал топтук жана жеке маектешүүлөрдү, практикалык жана профилактикалык ж.б. иштерди жүргүзөт.

Пробациянын жашы жете элек кардары менен иш жүргүзүү процессинде ыктыярчынын башкы милдети болуп жашы жете элек өспүрүмдөрдүн турмуштагы кыйынчылыктарды жеңүүгө умтулуусу, алардын жеке көйгөйлөрүн чечүүгө жана психо-профилактика жасоого жардам берүү саналат.

Волонтер болуу үчүн сиз пробация органдарына волонтерлорду тандоо тартиби жана алардын иши менен таанышып, волонтерлорго кабыл алуу жөнүндө арыз жазып жана пробациянын волонтерлорунун анкетасын толтуруу зарыл.

Бишкектин тургундары колу коюлган арызды жана толтурулган анкетаны, Бишкек ш., Чынгыз Айтматов көч, 1 дарегине жеткизип, же probationkg@gmail.com электрондук почтасына жөнөтүшү керек.

Бардык маселелер боюнча КР ЮМ алдынагы Пробация департаментинин  Коомчулук менен байланыш секторуна чалсаңыздар болот - 0997 56 57 79

Эгерде сиз, Кыргызстандын башка районунда турсаңыз, жашаган жериңиз боюнча пробациянын волонтерлорунун кураторлору менен байланышыңыз:

• Нарын жана Ысык-Көл облустары боюнча – Эрнис Намазбеков, тел: 0708 590 838;

• Ош жана Баткен облустары боюнча – Нурлан  Сулайманов , тел: 0555 701 188 ;

• Чүй жана Талас облустары боюнча – Нурбек Чагырбеков, тел: 0701288262, 0550 230 974;

.Жалал-Абад областы -Уларбек Эшалиев , тел: 0990553000, 0706 500 546

Ыктыярчылар

Жардам бергиңиз келеби?

Акыркы жаңылыктар

  • Пробация в Кыргызстане - «Пробацияны колдонууга байланыштуу кылмыш-жаза сот өндүрүшү» темасында тренинг болуп өттү.
    «Пробацияны колдонууга байланыштуу кылмыш-жаза сот өндүрүшү» темасында тренинг болуп өттү.
  • Пробация в Кыргызстане - «Баарына сот адилеттүүлүк» долбоорунун жетектөөчү комитетинин бешинчи жыйыны болуп өттү.
    «Баарына сот адилеттүүлүк» долбоорунун жетектөөчү комитетинин бешинчи жыйыны болуп өттү.
  • Пробация в Кыргызстане - Пробация департаментинде Больцман институтунун өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу болуп өттү
    Пробация департаментинде Больцман институтунун өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу болуп өттү
  • Пробация в Кыргызстане - Пробация кызматкерлери ВИЧ жана кургак учук контекстинде кардарлар менен иштөө маселери боюнча окууд
    Пробация кызматкерлери ВИЧ жана кургак учук контекстинде кардарлар менен иштөө маселери боюнча окууд...

Категории

  • Пробации
  • О департаменте
  • Кардарлар үчүн
  • Международная практика
  • События

Кыргызстандагы пробация

Пробация - инсанды социалдык изилдөөгө негизделген жана пробациянын кардарларын оңдоого, укук бузуулардын алдын алууга, социалдык жардам көрсөтүүгө жана аларды кайра жандандыруу боюнча чараларды көрүүгө багытталган мамлекеттин социалдык-укуктук мекемеси.


Сайттын бөлүктөрү

  • Пробация жөнүндө
  • Департамент жөнүндө
  • Кардарлар үчүн
  • Эл аралык тажрыйба
  • Биздин өнөктөштөр
  • Жаңылыктар

Ченемдик укуктук актылар

  • КР Конституциясы
  • КР "Пробация жөнүндө" Мыйзамы
  • КР Жазык Кодекси
  • КР Жазык-процесстик Кодекси
  • Жазык-аткаруу Кодекси
  • Бузуулар жөнүндө Кодекси

Негизги байланыш

Кыргызстан, Бишкек ш.,
Ч. Айтматова көч, 1,

Тел: +996 (312) 315950,
Email: info@probation.gov.kg,

Кабыл алуу сааты: Дш-Жм, 09:00-18:00

© 2025 Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти

Веб-сайт Эл аралык Кызыл Крест Комитетинин колдоосу менен иштелип чыккан

Ошибка в тексте? Выделите ее мышкой и
нажмите CTRL + ENTER