Өспүрүмдөр арасында профилактикалык иш-чаралар өткөрүлдү
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Өспүрүмдөр арасында профилактикалык иш-чаралар өткөрүлдү
«Балдар арасында алдын алуу иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу» максатында Свердлов районунун аймагындагы мектептерде кеңири масштабдуу профилактикалык иш-чаралар уюштурулду.
Иш-чаралар Свердлов району боюнча пробация бөлүмү тарабынан демилгеленип, өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алууга, жаш муундун укуктук сабаттуулугун жогорулатууга жана коомдо зомбулуксуз маданиятты калыптандырууга багытталды.
Свердлов районунун билим берүү борборунун кызматкерлери, РИИБдин өкүлдөрү, муниципалдык аймактык башкармалыктын өкүлдөрү, ошондой эле Пробация департаментинин Психологиялык иш боюнча башкармалыгынын жана Окуу-методикалык бөлүмүнүн адистери менен биргеликте уюштурулду. Профилактикалык жолугушуулар №94-мектепте, №1-мектепте, №38-мектепте жана Ш. Сыдыков атындагы спорт колледжинде болду.
Окуучулар жана студенттер менен болгон жолугушууларда укуктук сабаттуулукту жогорулатууга багытталган тематикалык сабактар өтүлүп, укук бузуулардын алдын алуу жана алардын укуктук кесепеттери тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле зомбулуксуз жүрүм-турум маданиятын калыптандыруу максатында тегерек стол форматындагы талкуулар уюштурулду.
Мындай профилактикалык иштер өспүрүмдөрдүн жоопкерчиликтүү жүрүм-турумун калыптандырууга, укуктук маданиятын жогорулатууга жана коомдук коопсуздукту чыңдоого өбөлгө түзөт.




