Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамдарды коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 28-январындагы № 19 Мыйзамы
Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 28-январындагы № 19 Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамдарды коргоо жөнүндө мыйзамы
2018-жылдын 20-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
1-берене. Ушул Мыйзамды жонго салуу предмети
Ушул Мыйзам жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоого, коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамдарды куугунтуктоодон коргоону камсыз кылууга багытталган, ошол адамдарды коргоонун укуктук жана уюштуруучулук негиздерин белгилейт, ошондой эле калктын мамлекетке жана анын түзүмдөрүнө карата ишенимин бекемдөөгө багытталган.
2-берене. Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамдарды коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары
Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамдарды коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет жана ушул Мыйзамдан жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден, ошондой эле эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптеринен жана ченемдеринен турат.
Ушул Мыйзамдын колдонулушу алардын билдирүулөрү текшерүүнүн жүрүшүндө тастыкталган коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамдарга жайылтылат.
3-берене. Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамдарды мамлекеттик коргоону камсыз кылуучу органдар
1. Төмөнкүлөр мамлекеттик коргоону камсыз кылуучу органдар болуп саналат:
1) мамлекеттик коргоону жүзөгө ашыруу жөнүндө чечимди кабыл алган органдар;
2) коопсуздук чараларын жүзөгө ашырган органдар.
2. Мамлекеттик коргоону жүзөгө ашыруу тууралуу чечим кылмыш же жазык иши жөнүндө арыз (билдирүү) өндүрүшүндө турган сот (судья), прокурор, алгачкы текшерүү органынын начальниги же тергөөчү тарабынан кабыл алынат.
3. Коопсуздук чараларын жүзөгө ашыруу иш өндүрүшүндө турган же анын карамагына тийиштүү болгон жазык иштери боюнча ички иштер, улуттук коопсуздук, жаза аткаруу системасынын, экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү органдарына жүктөлөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коопсуздуктун айрым чараларын жүзөгө ашыруу тапшырылышы мүмкүн болгон башка мамлекеттик органдарга жүктөлүшү мүмкүн.
4. Соттун же прокуратуранын өндүрүшүндө турган жазык иштери боюнча корголуучу адамдарга карата коопсуздук чаралары корголуучу адам турган жери боюнча жайгашкан соттун (судьянын) чечими же прокурордун токтому боюнча ички иштер, улуттук коопсуздук, жаза аткаруу системасынын, экономикалык кылмыштарга каршы курөшүү органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
5. Аскер кызматчыларынын ичинен корголуучу адамдарга карата коопсуздук чаралары ошондой эле тийиштүү аскер бөлүгүнүн командачылыгы жана жогору турган командачылык тарабынан жүзөгө ашырылат.
6. Тергөө изоляторлорунда же түзөтүү мекемелеринде кармалган корголуучу адамдарга карата коопсуздук чаралары ошондой эле Кыргыз Республикасынын жаза-аткаруу системасынын мекемелери жана органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
4-берене. Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамдарды коргоо принциптери
Төмөндөгүлөр коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамдарды коргоо принциптери болуп саналат:
1) мыйзамдуулук, адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин урматтоо;
2) коомдо коррупция көрүнүштөрүнө жол берилбей турган чөйрөнү калыптандыруу үчүн шарттарды түзүү;
3) коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамдардын кесиптик (эмгектик) ишине укукка жат кийлигишүүдөн, кызматтык куугунтуктоодон кепилдиктерди камсыз кылуу;
4) коррупциялык укук бузуулар тууралуу фактыларды билдирген адамдар жөнүндө маалыматтарды ачыкка чыгарган адамдардын жоопкерчилиги;
5) коррупциялык укук бузуулардын зыяндуу кесепеттери жөнүндө эскертүү.
5-берене. Корголуучу адам жөнүндө маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылуу
1. Арызда көрсөтүлгөн маалыматтар тастыкталгандан кийин гана коррупциялык укук бузуулар фактысы жөнүндө билдирген адам тууралуу маалымат жашыруун сакталышы мүмкүн.
Жашыруун сактоо корголуучу адамдын арызы боюнча же анын макулдугу менен жүргүзүлүүгө тийиш.
Жашыруун сактоо тартиби мамлекеттик сырды коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет.
Ушул Мыйзамдын 7-беренесинин ]-бөлүгүндө каралган учурларда ыйгарым укуктуу органдар коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамдардын жеке коопсуздугун камсыз кылат.
2. Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамдар жөнүндө жашыруун сырды коргоо ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан камсыз кылынат.
3. Коопсуздук чараларын жүзөгө ашырган органдын чечими боюнча мамлекеттик жана башка маалыматтык сурап билуү фонддорунан корголуучу адам жөнүндө маалыматтарды берүүгө тыюу салынышы мүмкүн, ошондой эле анын телефон номерлери жана ал пайдалануучу же ага тийиштүү болгон транспорт каражаттарынын мамлекеттик каттоо белгилери өзгөртүлүшү мүмкүн.
4. Башка жазык же болбосо жарандык иштер боюнча өндүрүшкө байланыштуу өзгөчө учурларда корголуучу адам жөнүндө маалыматтар мамлекеттик коргоону жүзегө ашыруу жөнүндө чечим кабыл алган органдын уруксаты менен прокурордун же соттун (судьянын) жазуу жүзүндөгү суроо-талабынын негизинде тергөе, прокуратура органдарына же сотко берилиши мүмкүн.
5. Ушул берененин эрежелери атайылап жалган маалыматтарды билдирген адамдарга жайылтылбайт.
6-берене. Корголууга тийиш адамдар
Белгиленген тартипте коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамдар ушул Мыйзамга жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык мамлекеттин коргоосуна альгаат.
7-статья. Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамдарга карата коопсуздук чараларын колдонуунун негиздери
1. Мамлекеттик коргоону жүзөгө ашыруу тууралуу чечим кабыл алган орган тарабынан белгиленген жазык сот өндүрүшүнө катышкандыгына байланыштуу корголуучу адамды өлтүрүүнүн реалдуу коркунучу бар экендиги, ага карата куч колдонулушу, анын мүлкүн жок кылуу же бүлүндүрүү жөнүндө маалыматтар коопсуздук чараларьш колдонуунун негиздери болуп саналат.
2. Корголуучу адамдын жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде же жазуу жүзүндө билдирилген анын макулдугу менен, ал эми жашы жете электерге карата - анын ата-энесинин же аларды алмаштырган адамдын, ошондой эле үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлумдордүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн (ата-энелери же аларды алмаштырган адамдар жок болгон учурда) жазуу жүзүндөгү арызыньга же жазуу жүзүндө билдирилген алардьш макулдуктарынын негизинде коопсуздук чаралары колдонулат.
3. Эгерде коопсуздук чараларын колдонуу корголуучу адамдын бойго жеткен мүчөлөрүнүн жана алар менен чогуу жашагандардын кызыкчьшыктарын козгогон учурда, коопсуздук чараларын колдонууга алардын жазуу жүзүндө билдирилген макулдугу керек.
8-берене. Коррупциялык укук бузуулар жөнүндө билдирүү
Коррупциялык укук бузуулар жөнүндө билдирүүдө коррупция менен коштолгон бузуулар же коррупция үчүн түзүлгөн шарттар жөнүндө маалыматтар камтылууга тийиш, алар мыйзамдарда белгиленген тартип же жазык жоопкерчилигине алып келет.
9-берене. Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамдардын укуктары жана милдеттери
1. Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адам төмөндөгүдөй укукка ээ:
1) өз укуктарын жана милдеттерин билүүгө;
2) мыйзамдарда каралган тартипте ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын чечимдерине даттанууга;
3) ыйгарым укуктуу органдарга коргоо чараларын кабыл алуу жөнүндө же аларды жокко чыгаруу тууралуу жазуу жүзундөгү арыз менен кайрылууга;
4) ушул Мыйзамда, башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген учурларда жана тартипте материалдык сый акы алууга.
2. Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адам төмөнкүлөргө
милдеттүү:
1) билдирилип жаткан коррупциялык укук бузууларды күбөлөндүрүүчү жетиштүү маалыматтарга ээ болууга;
2) прокуратура органдарынын, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ушул Мыйзамда жана башка ченемдик укуктук актыларда каралган мыйзамдуу талаптарын аткарууга.
3. Атайылап жалган коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамга
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик каралат.
10-берене. Мамлекеттик коргоону камсы i кылган органдардын укуктары жана милдеттери
1. Мамлекеттик коргоону жүзөгө ашыруу тууралуу чечимди кабыл алуучу органдар
өзүнүн компетенциясынын чектеринде төмөнкүдөй укуктарга ээ:
1) мамлекеттик коргоону жүзөгө ашыруу тууралуу чечим кабыл алынган адамдардын коопсуздугуна коркунуч келтирилгендиги жөнүндө арыздар жана билдирүүлөр боюнча зарыл маалыматтарды бардык мамлекеттик бийлик органдарынан, жергиликтүү өз аддынча башкаруу органдарынан, юридикалык жана жеке жактардан суратып алууга жана аталган органдардан, юридикалык жана жеке жактардан алууга;
2) коррупциялык укук бузуулар жөнүндө билдирген адамдарды мамлекеттик коргоону жүзөгө ашыруу үчүн процесстик аракеттерди жүргүзуүгө же коопсуздук чараларын жүзөгө ашырган органдарга зарыл тапшырмаларды берүүгө;
3) коопсуздук чараларын жүзөгө ашырган органдардан зарыл болгон учурда мамлекеттик коргоонун кошумча чараларын кабыл алууну талап кылууга;
4) аталган чараларды жүзөгө ашырган органдар менен макулдашуу боюнча коопсуздук чараларын толук же жарым-жартылай жокко чыгарууга.
2. Коопсуздук чараларын жүзөгө ашыруучу органдар төмөнкүдөй укуктарга ээ:
1) ушул Мыйзамда каралган коопсуздуктун зарыл чараларын тандап алууга, аларды колдонуунун ыкмаларын аныктоого, зарыл болгондо коопсуздуктун колдонулуучу чараларын өзгөртүүгө жана толуктоого;
2) корголуучу адамдардан аларга карата колдонулуп жаткан коопсуздук чараларынын шарттарын сактоону, аталган чараларды колдонууга байланышкан мыйзамдуу тескемелерди аткарууну талап кылууга;
3) процесстик аракеттерди жүргүзуүдө же болбосо аларды жокко чыгарууда коопсуздук чараларын кабыл алуу жөнүндө сунуштама менен жазык иши өндүрүшүндө турган сотко (судьяга), прокурорго, алгачкы текшерүү органынын начальнигине же тергөөчүгө кайрылууга.
3. Мамлекеттик коргоону камсыз кылуучу органдар корголуучу адамга карата мамлекеттик коргоону жүзөгө ашыруу тууралуу токтом (аныктама) жарыяланганда ага анын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрүп берүүгө милдеттүү.
11-берене. Материалдык сый акы
1. Коррупциялык укук бузуу жөнүндө билдирген адамга коррупциялык укук бузуудан кайтарылып алынган суммадан сый акы төлөнөт.
2. Коррупциялык укук бузуулар жөнүндө билдирген адамга мамлекеттин бюджетине келип түшкөн коррупциялык укук бузуулардан ордун толтуруучу каражаттын эсебинен мыйзамдарга ылайык тийиштүү укук коргоо органынын ишин өбөлгөлөөгө бөлүнгөн сумманын үчтөн бир өлчөмүндө, бирок бир миллион сомдон ашык эмес акчалай сый акы төлөнүп берилүүгө тийиш.
3. Сый акы төлөп берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
12-берене. Коопсуздук чаралары
1. Корголуучу адамга карата бир эле учурда төмөндөгүдөй коопсуздук чараларынын бири же бир нечеси колдонулат:
1) жеке өзүн коргоо, турак жайын жана мүлкүн коргоо;
2) жеке коргонуунун, байланышуунун жана коркунуч тууралуу маалымдоонун атайын каражаттарын берүү;
3) корголуучу адам жөнүндө маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылуу;
4) башка жерге жашап турууга көчүрүү;
5) корголуучу адамдын үй-бүлө мүчөлөрүнө карата дагы зарыл учурда колдонулган анкеталык маалыматтарды өзгөртүү менен документтерди алмаштыруу;
6) тышкы келбетин өзгөртүү;
7) сотто чыгып сүйлөөдө анын тышкы келбетин маскировкалоо же кошумча көрүнөө изоляциялоо, ошондой эле соттук тергөөнүн жүрүшүндө анкеталык маалыматтарды жана башка маалыматтарды жарыя кылбоо;
8) иштеген (кызматын) же окуган жерин өзгөртүү;
9) коопсуз жерге убактылуу жайгаштыруу;
10) камакка алынган же түзөтүү мекемелериндеги корголуучу адамга карата
кошумча коопсуздук чараларын колдонуу, анын ичинде камакка алынган же жазасын өтөп
жаткан бир жерден башка жерге которуу.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 4 - 7-пункттарында каралган коопсуздук чаралары оор жана өтө оор кылмыштар жөнүндө кылмыш иштери боюнча гана жүзөгө ашырылат.
3. Коопсуздук чаралары күбөлөрдүн, жабыр тарткандардын жана жазык сот өндүрүшүнүн башка катышуучуларынын укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жокко чыгарылышы мүмкүн.
4. Жакын туугандарынын, туугандарынын жана жакын адамдарынын коопсуздук чаралары күбөлөрдүн, жабыр тарткандардын жана жазык сот өндүрүшүнүн башка катышуучуларынын укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
13-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзамды ишке ашыруу боюнча тийиштүү чараларды көрсүн.
Кыргыз Республикасынын
Президенти
С.Жээнбеков