Кыргыз Республикасынын Пробация департаменти
RU / KG
МЕНЮ
  • Башкы
  • Пробация
    • Пробациянын түрлөрү
    • Балдарга карата пробация
    • Пробациянын кардарларынын категориясы
    • Эл аралык стандарттар
    • Дүйнөдөгү пробация
  • Департамент
    • Аналитикалык документтер
    • Ченемдик документтер
    • Пробация департаментинин түзүү тарыхы
    • Департаменттин түзүмү
    • Пробация департаментинин символикасы
    • Пробация департаментинин комиссиялары
    • Пробация боюнча кеңештер
    • Биздин өнөктөштөр
    • Пробациянын ыктыярчылары
  • Кардарлар үчүн
    • Пробациянын кардары деген ким?
    • Укуктар жана милдеттер
    • Жардам борборлору
    • Кайра социалдаштыруу долбоорлор жана программалары
    • Сиздин укуктарыңыз бузулдубу?
  • Окуялар
    • Жаңылыктар
    • Коомдук иштер
    • ЖМК пробация жөнүндө
    • Пробация боюнча кеңеш
    • Фотогалерея
    • Видеоматериалдар
    • Басма сөз кызматы менен байланышуу
  • Байланыш
    • Пробация органдарынын даректери
    • Пробация департаментинин Борбордук аппараты
    • Пробация департаментинин Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча аймак аралык башкармалыгы
    • Пробация департаментинин Ош, Баткен облустары боюнча аймак аралык башкармалыгы
    • Пробация департаментинин Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймак аралык башкармалыгы
    • Пробация департаментинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалык

"Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 7-августундагы № 362 токтому

Башкы / Коррупцияга каршы иш-чаралар / Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылар / "Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 7-августундагы № 362 токтому

"Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 7-августундагы № 362 токтому

"Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 7-августундагы № 362 токтому

"Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын төмөндөгү мамлекеттик органдары Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу үчүн жооптуу деп аныкталсын:

- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде каралган административдик мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген кызматчылар, ошондой эле ордунда жок болгон мамлекеттик жарандык кызматчыны же болбосо муниципалдык кызматчыны убактылуу алмаштырган адамдарга карата;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик, муниципалдык мекемелердин, уюмдардын же ишканалардын жетекчилерине карата;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд, уставдык капиталында мамлекеттин үлүшү бар уюмдардын жетекчилерине, ошондой эле мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруучуларга карата;

- мамлекеттик бюджеттен каржылануучу мекемелер, уюмдар жана ишканалар карамагында болгон Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин жогорку мамлекеттик органдары, ошол мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын жетекчилерине карата;

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, өздөрүнүн кызматчыларына карата.

2. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- "Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын күчү жайылтылуучу адамдардын дипломатиялык белектерди эсепке алуусунун, каттоосунун, баалоосунун, сактоосунун, пайдалануусунун жана сатып алуусунун тартиби, 1-тиркемеге ылайык;

- "Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын күчү жайылтылуучу адамдар кызматка шайланганда, дайындалганда же бекитилгенде, же ыйгарым укуктарынын көлөмү башкача болгон кызмат ордуна которулган учурда өздүк (жеке) кызыкчылыктары жөнүндө декларацияны толтуруунун тартиби, 2-тиркемеге ылайык.

3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматына Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги менен биргеликте төмөнкүлөргө карата "Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу үчүн жооптуу мамлекеттик органдарды белгилөө боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына бир айлык мөөнөттө киргизүү сунушталсын:

- саясий жана атайын мамлекеттик кызмат орундарын, саясий муниципалдык орундарды, ошондой эле аскердик, укук коргоо жана дипломатиялык кызматта мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдарга карата;

- мамлекеттик бюджеттен каржылануучу жана Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын карамагына кирбеген мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын жетекчилерине карата.

4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 13-февралындагы № 90 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарындагы таламдардын кагылышын чечүү боюнча Убактылуу колдонмону бекитүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-декабрындагы № 674 "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарды сактоону камсыз кылуу маселелери жөнүндө" токтомунун 1-пунктунун бешинчи абзацы.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министри

М. Абылгазиев

 Документтин түп нускасы


Ыктыярчылар

Жардам бергиңиз келеби?

Акыркы жаңылыктар

  • Пробация в Кыргызстане - «Пробацияны колдонууга байланыштуу кылмыш-жаза сот өндүрүшү» темасында тренинг болуп өттү.
    «Пробацияны колдонууга байланыштуу кылмыш-жаза сот өндүрүшү» темасында тренинг болуп өттү.
  • Пробация в Кыргызстане - «Баарына сот адилеттүүлүк» долбоорунун жетектөөчү комитетинин бешинчи жыйыны болуп өттү.
    «Баарына сот адилеттүүлүк» долбоорунун жетектөөчү комитетинин бешинчи жыйыны болуп өттү.
  • Пробация в Кыргызстане - Пробация департаментинде Больцман институтунун өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу болуп өттү
    Пробация департаментинде Больцман институтунун өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу болуп өттү
  • Пробация в Кыргызстане - Пробация кызматкерлери ВИЧ жана кургак учук контекстинде кардарлар менен иштөө маселери боюнча окууд
    Пробация кызматкерлери ВИЧ жана кургак учук контекстинде кардарлар менен иштөө маселери боюнча окууд...

Категории

  • Пробации
  • О департаменте
  • Кардарлар үчүн
  • Международная практика
  • События

Кыргызстандагы пробация

Пробация - инсанды социалдык изилдөөгө негизделген жана пробациянын кардарларын оңдоого, укук бузуулардын алдын алууга, социалдык жардам көрсөтүүгө жана аларды кайра жандандыруу боюнча чараларды көрүүгө багытталган мамлекеттин социалдык-укуктук мекемеси.


Сайттын бөлүктөрү

  • Пробация жөнүндө
  • Департамент жөнүндө
  • Кардарлар үчүн
  • Эл аралык тажрыйба
  • Биздин өнөктөштөр
  • Жаңылыктар

Ченемдик укуктук актылар

  • КР Конституциясы
  • КР "Пробация жөнүндө" Мыйзамы
  • КР Жазык Кодекси
  • КР Жазык-процесстик Кодекси
  • Жазык-аткаруу Кодекси
  • Бузуулар жөнүндө Кодекси

Негизги байланыш

Кыргызстан, Бишкек ш.,
Ч. Айтматова көч, 1,

Тел: +996 (312) 315950,
Email: info@probation.gov.kg,

Кабыл алуу сааты: Дш-Жм, 09:00-18:00

© 2025 Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти

Веб-сайт Эл аралык Кызыл Крест Комитетинин колдоосу менен иштелип чыккан

Ошибка в тексте? Выделите ее мышкой и
нажмите CTRL + ENTER