Бийлик органдарындагы саясий жана системалуу коррупциянын себептерин жоюу боюнча чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 12-ноябрындагы ПЖ N 215 жарлыгы
Бийлик органдарындагы саясий жана системалуу коррупциянын себептерин жоюу боюнча чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 12-ноябрындагы ПЖ N 215 жарлыгы
(КР Президентинин 2014-жылдын 13-июнундагы ПЖ № 120, 2014-жылдын 15-сентябрындагы ПЖ № 159, 2014-жылдын 12-декабрындагы ПЖ № 219, 2015-жылдын 18-мартындагы ПЖ № 39, 2016-жылдын 5-мартындагы ПЖ № 47, 2016-жылдын 1-июнундагы ПЖ № 136, 2017-жылдын 11-апрелиндеги ПЖ № 73 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 14-декабрындагы N 27 "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетиндеги Антикоррупциялык кызматты түзүү жөнүндө", 2012-жылдын 2-февралындагы N 26 "Кыргыз Республикасынын антикоррупциялык саясатынын Мамлекеттик стратегиясы жана коррупцияга каршы туруу боюнча чаралар жөнүндө" жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2012-жылдын 2-февралындагы "Коомдогу коррупциялык көрүнүштөргө каршы аракеттенүү боюнча чаралар жөнүндө" чечимин аткаруу үчүн Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөшүү боюнча алгачкы кадамдар жасалды, тиешелүү уюштуруучулук чаралар көрүлдү, укук коопсуздук органдарынын иши активдештирилди, мыйзамдык базаны жаңылоо башталды.
Коомдо коррупциялык укук бузуулар үчүн жазанын шексиз экендигин түшүнүү акырындап калыптана баштады. Айрым жогорку кызмат адамдарын кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу кыргызстандыктардын адилеттүүлүккө болгон ишенимин жаратты. Мамлекетке келтирилген зыяндын ордун реалдуу толтуруунун өсүп жаткандыгы белгиленүүдө. 2013-жылдын 9 айында Кыргызстандын укук коопсуздук органдары тапкан ар кандай мүнөздөгү укук бузуулардын фактыларынын натыйжалары боюнча мамлекеттик казыналык системасы аркылуу мамлекеттик бюджеттин кирешесине зыяндын ордун толтуруу катары 621,8 млн. сом түшкөн, бул бүтүндөй 2012-жылга караганда 2,3 эсе көп. 2012-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан өзүнүн позициясын эл аралык өкмөттүк эмес Трансперенси Интернешнл уюмунун рейтингинде "Коррупцияны кабылдоо индекси" боюнча 164-орундан 154-орунга жакшыртты.
Бирок коррупцияга каршы күрөшүүдөгү алгачкы жакшы жылыштар тиешелүү түрдө уланган жок. Коррупция мурдагыдай эле мамлекеттик органдардын иштөөсүн олуттуу татаалдантып, социалдык кайра түзүүлөргө жана улуттук экономиканы модернизациялоого тоскоолдук кылып, коомдо катуу тынчсызданууну жана мамлекеттик институттарга болгон ишенимдин кетишин жаратып, эл аралык аренада өлкөнүн терс имиджин түзүп, Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна келтирилген башкы коркунучтардын бири болуп эсептелүүдө.
Антикоррупциялык саясатты иш жүзүнө ашыруу мамлекеттик кызмат менен мамлекеттик башкаруу системасынын ичиндеги терең карама-каршылыктарга туш болууда. Коррупция системалуу, рационалдуу болуп калды. Эки он жылдыктын ичинде түзүлүп калган, мамлекеттик кызмат орундарынын ачыкка чыкпаган рыногу кадрларды тандоо системасындагы олуттуу деформацияларды жаратты. Кызмат адамдарынын кеңири чөйрөсү мамлекеттик кызматтын негизги маанисин элге кызмат кылуу деп түшүнбөстөн, айрым учурларда ошол кызматка дайындоого өбөлгө болгон адамдардын алдындагы милдеттенмелерин аткаруу деп, ал эми көп учурларда примитивдүү баюу деп гана түшүнүп калды.
Мамлекеттик органдардын коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча иши алдын алуу багытына ээ эмес. Көп учурларда мамлекеттик, анын ичинде соттук органдар мамлекеттик түзүлүштүн бүткүл системасын дискредитация кылган чечимдерди кабыл алышат. Укук коопсуздук органдарынын ишинде эскирип калган методдордун элементтери көп колдонулат. Укук коопсуздук органдарынын борборлордо жана жер-жерлерде коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча ишин координациялоо деңгээли төмөн бойдон калууда. Азыркы мезгилге чейин Кыргыз Республикасынын Антикоррупциялык саясатынын мамлекеттик стратегиясында каралган мамлекеттик органдардын жана жарандык коомдун институттарынын антикоррупциялык күч-аракеттерин координациялоо механизми түзүлгөн эмес.
2013-2017-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын максаттарына жетишүү коррупцияны жана аны пайда кылган себептерди жоюуну талап кылат.
Ишкердиктин статусун көтөрүү жана өзүнүн материалдык абалын тез жакшыртууга умтулгандар үчүн анын артыкчылыгын камсыздоо милдети чоң мааниге ээ.
Айрым саясий күчтөрдүн тар топторунун кызыкчылыктарынын мамлекеттик чечимдерди кабыл алуу процессине кийлигишүүсүнүн коркунучу Кыргызстандын элин өзгөчө тынчсыздандырууда. Түзүлүп калган коррупциялык тартипти бузуу жолундагы эң башкы тоскоолдуктардын бири болуп саясий коррупция эсептелет, мындай коррупциянын бузуучу чөйрөсү болуп мамлекеттик кызыкчылыктар саналат. Саясий партиялардын коммерциялык жана финансылык топторго болгон финансылык жактан катуу көз карандылыгы белгиленет, бул жагдай шайлоолорго катышуу үчүн талапкерлердин тизмелерин түзгөндө, ошондой эле жетектөөчү мамлекеттик кызмат орундарына дайындоодо көрүнүп калууда. Жыйынтыгында саясий партиялар билдирген идеологиялык жана саясий максаттардын дискредитация болушунун коркунучу жаралды.
Өлкөнү өнүктүрүү жолундагы олуттуу тоскоолдук болуп системалуу коррупция эсептелет, ал мамлекеттик органдардын жана алардын кызмат адамдарынын функцияларынын жана ыйгарым укуктарынын системасынын коррупциялуу болуп түзүлгөндүгү менен шартталган. Саясатты иштеп чыгуу, аны ишке ашыруу жана кабыл алынган чечимдерди контролдоо боюнча функцияларды бир органда топтоо түрүндө мамлекеттик органдарда көп функциянын болушу эксперттик коомчулуктун пикири боюнча системалуу коррупциянын негизги себеби болууда.
Абдан проблемалуу коррупциялык схемалар сот, укук коопсуздук, финансы, каттоо, энергетика жана билим берүү системаларында түзүлгөн. Кесипкөй изилдөөчүлөр "укук коопсуздук системасынын маркеттешүүсү", "сот акыйкатынын сатылышы" тууралуу айтууда жана эксперттер кылмыш-жаза куугунтугуна алууга жана сот акыйкатын жүргүзүүгө катышкан органдардын жана адамдардын арасында криминалдык түрдөгү өзгөчө "бизнес-топтун" пайда болгонун белгилөөдө. Эксперттердин пикирлери боюнча билим берүү системасында окуу орундарын, бааларды жана дипломдорду "сатуу" көп учурларда жогорку билим берүү мекемесин аяктагандан кийин студенттердин 5-10%ы гана компетенттүү адис катары бааланышына түрткү болду.
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын, укук коопсуздук органдарынын жана соттордун системалуу кемчиликтери бюрократтык жол менен гана жоюлбайт. Коррупцияга каршы күрөшүүгө жарандык коомчулуктун институттарын тартуу мамлекеттин биринчи кезектеги жана артыкчылыктуу милдеттеринин катарына кирет.
Адамдын жана жарандын укуктары, эркиндиги жана мыйзамдуу кызыкчылыктары коррупцияга каршы аракеттенүү жана жалпы алганда кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, укук коопсуздук органдарынын жана соттордун ишинин негизги багыты болуп кызмат кылууга тийиш.
Антикоррупциялык саясатты өркүндөтүү жана коррупцияга каршы аракеттенүүгө багытталган мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коомчулуктун институттарынын жана жарандардын күч-аракеттерин бириктирүү максатында, Бириккен Улуттар Уюмунун Коррупцияга каршы конвенциясында жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген башка эл аралык укуктук документтерде каралган коррупциянын алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча чараларды эске алып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 3, 16, 60 жана 65-беренелерин, "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесин жетекчиликке алып жана Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2013-жылдын 4-ноябрындагы чечиминин негизинде
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Антикоррупциялык саясатынын мамлекеттик стратегиясын ишке ашыруунун алкагында коррупцияга каршы күрөшүүдөгү жакшы жылыштар белгиленсин.
2. Мамлекеттик бийликтин түзүмдөрүндөгү саясий жана системалуу коррупциянын себептерин жоюу коррупцияга каршы күрөшүүнүн жаңы этабынын башкы милдети болуп белгиленсин жана Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы аракеттенүү жаатындагы мамлекеттик саясатынын негизги багыттары болуп төмөнкүлөр аныкталсын:
1) саясий күчтөрдүн тар топторунун кызыкчылыктарына мамлекеттик чечимдердин көз каранды болушунун коркунучун жою?