Пробация департаментинде "Ашпозчу" жана "Сантехник" багыттары боюнча биринчи бүтүрүү аземи болуп өттү
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Пробация департаментинде "Ашпозчу" жана "Сантехник" багыттары боюнча биринчи бүтүрүү аземи болуп өттү
Пробация департаментинде "Ашпозчу" жана "Сантехник" багыттары боюнча биринчи бүтүрүү аземи болуп өттү
Пробация департаментинин базасында "Ашпозчу" жана "Сантехник"багыттары боюнча кесиптик билим берүүнүн алгачкы бүтүрүүчүлөрүнө сертификаттарды тапшыруу аземи болуп өттүБилим берүү программасы пробациянын кардарларынын социалдык адаптациясына жана жумушка орношуусуна көмөктөшүү, алардан талап кылынган практикалык көндүмдөрдү калыптандыруу жана эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатуу максатында ишке ашырылган.
Окутуунун жүрүшүндө пробациянын кардарлары теориялык жана практикалык даярдыктан өтүп, кесиптик ишмердүүлүктүн негиздерин, коопсуздук техникасынын талаптарын жана ишти аткаруу сапатынын стандарттарын өздөштүрүштү.
Окутуунун жыйынтыгы боюнча пробациянын кардарларына курстан өткөндүгү тууралуу сертификаттар тапшырылды. Өзгөчө активдүүлүктү, жоопкерчиликти жана жогорку натыйжаларды көрсөткөн пробациянын айрым кардарлары кошумча мактоо баракчалары менен сыйланышты.
Бул долбоор пробациянын кардарларын коомдук жана эмгек чөйрөсүнө интеграциялоого көмөк көрсөтүү менен аларды укуктук жана социалдык реабилитациялоо үчүн шарттарды түзөт.




