Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча ААБга жаңы жетекчи тааныштырылды
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча ААБга жаңы жетекчи тааныштырылды
2026-жылдын 15-июнунда Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментинин жетекчилиги тарабынан Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча аймактар аралык башкармалыгынын жамаатына жаңы дайындалган начальник – Раимбердиев Жоомарт тааныштырылды.
Ал буга чейин Пробация департаментинин административдик башкармалыгынын начальниги болуп иштеген.
Жолугушуунун жүрүшүндө департаменттин директору иштин артыкчылыктуу багыттарын өзгөчө белгилеп, пробация бөлүмдөрүнүн ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, мыйзамдуулукту камсыздоо, пробация кардарларынын укуктарын жана эркиндиктерин, кызматтык жана аткаруучулук тартипти, мамлекеттик кызматчынын этикасын так сактоо жана жарандар менен иштөөнүн сапатын жакшыртуу, ошондой эле кызматтык иште коррупциялык укук бузууларга жол бербөө боюнча бир катар милдеттерди койду.
Өз кезегинде Жоомарт Раимбердиев көрсөтүлгөн ишеним үчүн ыраазычылык билдирип, жүктөлгөн милдеттерди жоопкерчилик менен аткаруу жана башкармалыктын ишин мындан ары өркүндөтүү үчүн бардык күч-аракетин жумшай тургандыгын белгиледи.




