Экстремизм жана терроризм үчүн соттолгон пробация кардарларынын радикалдашуусунун алдын алуу боюнча биргелешкен план кабыл алынды
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Экстремизм жана терроризм үчүн соттолгон пробация кардарларынын радикалдашуусунун алдын алуу боюнча биргелешкен план кабыл алынды
2026-2028-жылдарга карата Пробация департаментинин каттоосунда турган экстремизм жана терроризм үчүн соттолгон кардарларга карата алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүгө багытталган ведомстволор аралык үч тараптуу план бекитилди.
Аталган план Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиги жана Кыргызстан Мусулмандарынын Дин башкармалыгы ортосундагы кызматташууну чыңдоого багытталган.
Документтин негизги максаты- экстремизм жана терроризм үчүн соттолгон пробация кардарларынын радикалдашуусунун алдын алуу, алардын коомго ийгиликтүү реинтеграцияланышына көмөктөшүү жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу.
Пландын алкагында профилактикалык иш-чаралар системалуу негизде жүргүзүлүп, кызматкерлердин жана пробация кардарларынын маалымдуулугу жогорулап, ведомстволор аралык координация бекемделет деп күтүлүүдө.




