Кыргыз Республикасынын Пробация департаменти
RU / KG
МЕНЮ
  • Башкы
  • Пробация
    • Пробациянын түрлөрү
    • Балдарга карата пробация
    • Пробациянын кардарларынын категориясы
    • Эл аралык стандарттар
    • Дүйнөдөгү пробация
  • Департамент
    • Аналитикалык документтер
    • Ченемдик документтер
    • Пробация департаментинин түзүү тарыхы
    • Департаменттин түзүмү
    • Пробация департаментинин символикасы
    • Пробация департаментинин комиссиялары
    • Пробация боюнча кеңештер
    • Биздин өнөктөштөр
    • Пробациянын ыктыярчылары
  • Кардарлар үчүн
    • Пробациянын кардары деген ким?
    • Укуктар жана милдеттер
    • Жардам борборлору
    • Кайра социалдаштыруу долбоорлор жана программалары
    • Сиздин укуктарыңыз бузулдубу?
  • Окуялар
    • Жаңылыктар
    • Коомдук иштер
    • ЖМК пробация жөнүндө
    • Пробация боюнча кеңеш
    • Фотогалерея
    • Видеоматериалдар
    • Басма сөз кызматы менен байланышуу
  • Байланыш
    • Пробация органдарынын даректери
    • Пробация департаментинин Борбордук аппараты
    • Пробация департаментинин Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча аймак аралык башкармалыгы
    • Пробация департаментинин Ош, Баткен облустары боюнча аймак аралык башкармалыгы
    • Пробация департаментинин Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймак аралык башкармалыгы
    • Пробация департаментинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалык

Коррупциялык тобокелдиктерди табуу, баалоо жана башкаруу боюнча методикалык колдонмону бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 18-майындагы № 281 буйругу

Башкы / Коррупцияга каршы иш-чаралар / Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылар / Коррупциялык тобокелдиктерди табуу, баалоо жана башкаруу боюнча методикалык колдонмону бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 18-майындагы № 281 буйругу

Коррупциялык тобокелдиктерди табуу, баалоо жана башкаруу боюнча методикалык колдонмону бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 18-майындагы № 281 буйругу

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 18-майындагы № 281 буйругу

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында коррупциялык тобокелдиктерди табууга, баалоого жана башкарууга карата бирдей ыкманы белгилөө максатында:

1. Коррупциялык тобокелдиктерди табуу, баалоо жана башкаруу боюнча методикалык колдонмо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын министрликтери жана административдик ведомстволору Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын системасындагы коррупциялык тобокелдиктердин жана мамлекеттик органдагы коррупциогендик кызмат орундарынын тизмегин түзүшсүн.

3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

С.Жээнбеков

Тиркеме

Коррупциялык тобокелдиктерди табуу, баалоо жана башкаруу боюнча

МЕТОДИКАЛЫК КОЛДОНМО

1. Жалпы жоболор

1. Коррупциялык тобокелдиктерди табуу, баалоо жана башкаруу боюнча ушул методикалык колдонмо (мындан ары - Методикалык колдонмо) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын системасында коррупциялык тобокелдиктерди табууга, баалоого жана башкарууга карата бирдей ыкманы белгилөө максатында иштелип чыкты.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 170 токтому менен бекитилген 2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы саясатынын мамлекеттик стратегиясын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын иш-чаралар планынын IV главасын (Коррупциялык коркунучтарды баалоо жана башкаруу аркылуу коррупциянын алдын алуу) ишке ашырууга методикалык жардам берүү максатында иштелип чыкты.

2. Методикалык колдонмодо төмөнкүдөй түшүнүктөр пайдаланылат:

- административдик жол-жоболор - административдик иштерди кароонун жана чечүүнүн негиздерин, шарттарын, ырааттуулугун жана тартибин аныктаган, белгиленген регламенттик ченемдер, алар өзүнө: административдик функцияларды жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу боюнча чечимдерди административдик органдардын кабыл алуусунун жана аткаруусунун тартибин; административдик органдардын ишин уюштуруунун тартибин; укуктарын жана кызыкчылыктарын ишке ашыруу же коргоо боюнча жарандардын, жеке ишкерлердин жана юридикалык жактардын кайрылууларын административдик кароонун тартибин камтышат;

- дискрециялык ыйгарым укуктар - мамлекеттик жана муниципалдык органдардын, кызмат адамдарынын мамлекеттик жана муниципалдык органдарга же кызмат адамына өзүнүн ыктыяры боюнча кабыл алынуучу башкаруу чечиминин түрүн жана мазмунун (толук же жарым-жартылай) аныктоого мүмкүндүк берүүчү же ведомстволук актыда каралган башкаруу чечимдеринин бир нече вариантынын бирин тандоого мүмкүндүк берүүчү укуктардын жана милдеттердин жыйындысы;

- коррупциялык тобокелдик - бул мамлекеттик башкаруу системасында түптөлгөн аракет көрүү/аракетсиздик үчүн мүмкүнчүлүк, ошондой эле мамлекеттик органдардын кызмат адамдарын өзү же үчүнчү жактар үчүн пайда көрүү максаттарында кызмат абалын мыйзамсыз пайдаланууга же аталган жакка, башка жеке жактарга мындай пайданы мыйзамсыз берүүгө түрткү берген жагдайлардын болушу;

- коррупциогендик кызмат орду - коррупциянын тобокелдигине эң көп туш болуучу кызмат орду;

- коррупциялык тобокелдиктерди баалоо - коомдун жана мамлекеттин мыйзамдуу кызыкчылыктарына карабастан, акча, башка мүлктүк баалуулуктар же мүлктүк мүнөздөгү кызмат көрсөтүүлөр, башка мүлктүк укуктар түрүндө кызмат адамы сыяктуу эле үчүнчү жактар үчүн пайда алуу максаттарында кызматтык милдеттерин кыянаттык менен пайдаланууга мүмкүндүк түзүүчү, конкреттүү башкаруу процессинин жүрүшүндө пайда болуучу шарттарды жана жагдайларды (аракеттерди, окуяларды) табуу процесси;

- коррупциялык тобокелдиктерди башкаруу - коррупциялык тобокелдиктерди минималдаштыруу же коррупцияга каршы аракеттенүү чараларын ишке ашырууда конкреттүү башкаруу процесстеринде аларды жоюу процесси.

3. Ушул Методикалык колдонмону колдонуунун жыйынтыктары төмөнкүлөр болушу керек:

- коррупциялык тобокелдикти айрыкча түзүүчү чөйрөлөрдүн тизмегин аныктоо;

- коррупциялык тобокелдиктерге жана көрүнүштөргө түрткү берген же түрткү бериши мүмкүн болгон дискрециялык ыйгарым укуктарды аткарууда укуктук жана институционалдык факторлорду табуу;

- коррупциялык тобокелдиктердин таасиринин кесепеттерин жокко чыгаруу же басаңдатуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;

- коррупциогендик тобокелдиктерди башкаруу;

- мамлекеттик органдагы коррупциялык тобокелдиктердин жана коррупциогендик кызмат орундарынын тизмегин түзүү;

- коррупциянын алдын алуу боюнча чараларды иштеп чыгууда, ченемдик укуктук актыларга жана ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүүдө коррупциялык тобокелдиктердин жана коррупциогендик кызмат орундарынын тизмегин пайдалануу.

2. Коррупциялык тобокелдиктерди баалоонун тартиби жана коррупциогендик зоналарды аныктоо

4. Коррупциялык тобокелдиктерди баалоонун жүрүшүндө мамлекеттик органдардын административдик жол-жоболору, функциялары жана ыйгарым укуктары аныкталышы керек, коррупциялык мамилелердин предмети болгон же болушу мүмкүн болгон ченем жаратуучу ыйгарым укуктарын кошкондо. Мында төмөнкүлөргө да талдоо жүргүзүлөт:

- кызмат адамдарынын басмырлоочу ыйгарым укуктары (өзгөчө жарандар жана уюмдар менен өз ара мамилелерде);

- коррупциогендик кызмат орундарынын чөйрөсү (кызмат адамына жол-жоболук - процессуалдык мамилелерди негизсиз токтотууга же кайра жаңыртууга же жарандар жана уюмдар үчүн жагымдуу же жагымсыз башкаруучу чечимдерди тандоого мүмкүндүк берген);

- жарандардын жана уюмдардын алардын так аткарылышын татаалданткан милдеттерин ашыкча тактоо фактысы;

- коррупциялык мамилелерди түзүү мүмкүндүгүн камсыздаган жагымдуу шарттардын жана жагдайлардын болушу (же коррупциялык мамилелерге кирүүгө кызыктырган же ага мүмкүндүк ачкан);

- коррупциялык тобокелдиктердин категориялары (аларга төмөнкүлөр кирет: мамлекеттик органда иш жүзүндө болгон системалуу (реалдуу) коррупциялык схема; потенциалдуу - белгилүү шарттарда анын пайда болушу реалдуу болгон коррупциялык тобокелдик (мисалы: кандайдыр бир мыйзамсыз жеңилдиктерди берген ЧУА кабыл алуу); кырдаалдык - конкреттүү кырдаал болгон учурда пайда болушу мүмкүн болгон коррупциялык тобокелдик (мисалы: коррупциялык тобокелдик тендердик комиссиянын аракеттенүү мезгилинде гана пайда болот));

- коррупциялык тобокелдиктин жалпыга таандык практикадан (аналитикалык жана системалуу методдор, ошондой эле эксперттик аналогдордун жана баалардын методу) улам аныкталган деңгээли (төмөнкү, орточо, жогорку);

- башка мамлекеттик органдарда, иштин чөйрөлөрүндө, ыйгарым укуктарда жана кызмат орундарында каралып жаткан коррупциялык тобокелдиктин пайда болуу мүмкүндүгү;

- коррупциялык тобокелдиктердин коррупциялык схемалар менен өз ара байланышы, ошондой эле аларды түзүү предметине моделдөө.

5. Аларды жүзөгө ашырууда коррупциянын пайда болушуна өбөлгө болгон мамлекеттик органдын ишиндеги потенциалдуу коррупциогендик чөйрөлөрдүн функцияларынын тизмегин аныктоо, мында төмөнкү функцияларга милдеттүү баа берилүүгө тийиш:

- контролдоо жана көзөмөлдөө - Кыргыз Республикасынын Конституциясында, конституциялык мыйзамдарда, мыйзамдарда жана башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген жалпыга милдеттүү жүрүм-турум эрежелеринин ченемдеринин мамлекеттик органдар, алардын кызмат адамдары, юридикалык жактар жана жарандар тарабынан аткарылышын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча аракеттерди жүзөгө ашыруу (контролдоо объекттери - белгилүү чөйрөлөрдө контролду жана көзөмөлдү жүргүзүүчү инспекциялар, ревизиялык башкармалыктар жана башкалар);

- муниципалдык жана мамлекеттик мүлктү башкаруу - мамлекеттик мүлккө, анын ичинде мамлекеттик ишканаларга жана мамлекеттик мекемелерге өткөрүп берилген мүлккө карата менчик ээсинин ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу, ошондой эле ачык акционердик коомдордун мамлекеттик менчикте турган акцияларын башкаруу;

- мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү - мамлекеттик орган, мамлекеттик бюджеттен тышкары фонддун органы тарабынан түздөн-түз же ага ведомстволук мамлекеттик мекемелер же башка уюмдар аркылуу акысыз же мамлекеттик орган жөнгө салган баа боюнча, билдирүүчүлөрдүн сурамдары боюнча Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген чектерде ыйгарым ?

Ыктыярчылар

Жардам бергиңиз келеби?

Акыркы жаңылыктар

  • Пробация в Кыргызстане - «Пробацияны колдонууга байланыштуу кылмыш-жаза сот өндүрүшү» темасында тренинг болуп өттү.
    «Пробацияны колдонууга байланыштуу кылмыш-жаза сот өндүрүшү» темасында тренинг болуп өттү.
  • Пробация в Кыргызстане - «Баарына сот адилеттүүлүк» долбоорунун жетектөөчү комитетинин бешинчи жыйыны болуп өттү.
    «Баарына сот адилеттүүлүк» долбоорунун жетектөөчү комитетинин бешинчи жыйыны болуп өттү.
  • Пробация в Кыргызстане - Пробация департаментинде Больцман институтунун өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу болуп өттү
    Пробация департаментинде Больцман институтунун өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу болуп өттү
  • Пробация в Кыргызстане - Пробация кызматкерлери ВИЧ жана кургак учук контекстинде кардарлар менен иштөө маселери боюнча окууд
    Пробация кызматкерлери ВИЧ жана кургак учук контекстинде кардарлар менен иштөө маселери боюнча окууд...

Категории

  • Пробации
  • О департаменте
  • Кардарлар үчүн
  • Международная практика
  • События

Кыргызстандагы пробация

Пробация - инсанды социалдык изилдөөгө негизделген жана пробациянын кардарларын оңдоого, укук бузуулардын алдын алууга, социалдык жардам көрсөтүүгө жана аларды кайра жандандыруу боюнча чараларды көрүүгө багытталган мамлекеттин социалдык-укуктук мекемеси.


Сайттын бөлүктөрү

  • Пробация жөнүндө
  • Департамент жөнүндө
  • Кардарлар үчүн
  • Эл аралык тажрыйба
  • Биздин өнөктөштөр
  • Жаңылыктар

Ченемдик укуктук актылар

  • КР Конституциясы
  • КР "Пробация жөнүндө" Мыйзамы
  • КР Жазык Кодекси
  • КР Жазык-процесстик Кодекси
  • Жазык-аткаруу Кодекси
  • Бузуулар жөнүндө Кодекси

Негизги байланыш

Кыргызстан, Бишкек ш.,
Ч. Айтматова көч, 1,

Тел: +996 (312) 315950,
Email: info@probation.gov.kg,

Кабыл алуу сааты: Дш-Жм, 09:00-18:00

© 2025 Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти

Веб-сайт Эл аралык Кызыл Крест Комитетинин колдоосу менен иштелип чыккан

Ошибка в тексте? Выделите ее мышкой и
нажмите CTRL + ENTER