Жеңиш Разаков Кыргызстандагы кылмыштуулукту азайтуу жолун айтты
Башкы / Окуялар / ЖМК пробация жөнүндө / Жеңиш Разаков Кыргызстандагы кылмыштуулукту азайтуу жолун айтты
Пробация — бул жазанын бир түрү. Анда соттолуучуга абактын ордуна сыноочу убакыт берилип, аны атайын орган көзөмөлдөп турат.
БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Пробация институтунун натыйжалуу иши менен кылмыштуулук деңгээлин кыскартуу күтүлүүдө. Бул тууралуу вице-премьер Жеңиш Разаков Пробация департаментинин ишмердүүлүгү боюнча кеңешмеде билдирди.
Департамент 2019-жылдын башында өкмөткө караштуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын тутумунда түзүлүп, 1-сентябрда Юстиция министрлигинин карамагына өткөрүлгөнүн белгиледи. Пробация — бул жазанын бир түрү. Анда соттолуучуга абактын ордуна сыноочу убакыт берилип, аны атайын орган көзөмөлдөп турат.
"Бул таптакыр жаңы институт, ага олуттуу милдеттер жүктөлгөн. Пробация кардарларына чаралардын топтому колдонулат. Анын ичинде реалдуу түрдө ишке орноштуруудан тартып кесиптик психологиялык, социалдык жана башка жардамдар бар", — деди Разаков.
Ал белгилегендей, өкмөт Пробация департаментинин материалдык-техникалык потенциалын өнүктүрүү, татыктуу айлык акы менен камсыз кылуу, кесипкөй кадрларды тартуу боюнча бир кыйла көмөк көрсөтөт.
Мындан тышкары, Юстиция министрлигине Пробация департаментине укук коргоо жана сот органдары, Финансы министрлиги, Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик фонду жана башка мамлекеттик органдар тарабынан ведомстволор аралык максималдуу жардам көрсөтүү тапшырмасы коюлду.