Нарын облусунда Пробация кеңешинин жыйыны болуп өттү
Башкы / Окуялар / Пробация боюнча кеңеш / Нарын облусунда Пробация кеңешинин жыйыны болуп өттү
Нарын райондук мамлекеттик администрациясында 2022-жылдын 4-кварталынын жыйынтыгы боюнча Пробация кеңешинин жыйыны болуп өттү.
Жыйында Нарын облусу боюнча пробация бөлүмүнүн кызматкерлери баяндама жасап, паспорт берүү жана муктаж кардарларга жардам көрсөтүү, ошондой эле пробациянын кардарларына жумуш табуу, кайра кылмыш жасоо тобокелчилигин азайтуу үчүн алдын алуу иш-чараларын өткөрүү жана пробация бөлүмүнүн муктаждыктарын талкуулашты.
Кеңештин жыйынтыгында Пробация кеңешинин мүчөлөрүн жергиликтүү деңгээлде тыгыз өз ара аракеттенүүгө милдеттендирүү чечими кабыл алынды. Ошондой эле, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы пробация кеңешинин курамына Нарын шаарынын мэриясынын, Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн жана Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн өкүлдөрүн киргизүү чечими кабыл алынды.