Нарын шаардык мэриясынын алдындагы Пробация боюнча Кенешинин отуруму өттү
2020-жылдын 16-мартында Нарын шаары боюнча пробация органы, Нарын шаардык мэриясынын алдындагы Пробация боюнча Кенешинин 2020-жылдын 1-кварталына карата отурумун өткөрдү.
Жыйынга Пробация боюнча кеңештин мүчөлөрү толук катышты. Отурумда кеңештин мүчөлөрү жаңыланган буйруктарды жана 2020-жылга карата түзүлгөн иш-мэрчемдерди талкуулашып, 2020-жылдын 1-кварталы боюнча отчетторду угушту.
2020-жылдын 2-кварталына карата пробация кардарларына социалдык жактан жардам көрсөтүү максаттарын коюп, жакшы жыйынтыктарга жетиш үчүн иш аракеттер күчөтүлсүн деп Нарын шаарынын мэриясынын вице-мэри баардык кенештин мүчөлөрүнө талап койду.