Ак-Талаа району боюнча Пробация кеңешинин отуруму өттү
Башкы / Окуялар / Пробация боюнча кеңеш / Ак-Талаа району боюнча Пробация кеңешинин отуруму өттү
2020-жылдын 18-мартында Нарын облусунун Ак-Талаа району боюнча Пробация кеңешинин 2020-жылдын 1-кварталына пландалган отуруму өткөрүлдү.
Жыйынга пробация органына кирген мекеме жетекчилер катышты. Отурумда кенештин мүчөлөрү жаңыланган буйруктар менен жана 2020-жылга карата түзүлгөн иш-мерчемдер менен таанышып, 1-кварталда аткарылган иш-чаралар боюнча талкуу жүргүзүштү.
Кеңештин билдирүүсү боюнча Ак-Талаа райондук пробация органынын каттоосунда бардыгы 14 адам, алардын ичинен материалдык жана социалдык жардамдарга муктаж 3 адам бар. Пробация кызматкерлери, бүгүнкү күндө пробация органдарында каттоодо турган кардарлардын ичинен тартип бузуу жана кылмыш кылуусунун жоктугун белгилеп кетишти.
2020-жылдын 1-кварталынын жыйынтыгы боюнча, ушул жылдын 20-февралында Ысык-Көл жана Нарын облустарынын Аймак аралык башкармалыгынын тарабынан, пробация тармагында иш жүргүзгөн тиешелүү мамлекеттик мекемелердин катышуусунда “ЖАРДАМ” аттуу иш-чара өткөрүлүп, аталган кардарлар медицина, юридика, билим берүү, жумушка орношуу тарабында иштеген адистерден кенештерди алышты, мындан сырткары азык-түлүк, кийим-кече түрдөгү гуманитардык жардам алышты.
2020-жылдын 2-кварталында өткөрүлүүчү жыйынга карата Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы Пробация боюнча кеңешинин мүчөлөрүнө: Ак-Талаа райондук үй-бүлөлүк медицина борборуна жана Ак-Талаа райондук паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнө – пробацияны жүзөгө ашыруу жана пробация системасындагы органдар менен натыйжалуу аракеттенуу камсыз кылуу жаатындагы жетишкендиктер менен көйгөйлөр тууралуу отчетун даярдап келүүгө талап кылынды.
Отурумдун жыйынтыгында Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – Пробация боюнча кеңештин жетекчиси С. Кулубаев – “2020-жылдын 2-кварталына карата пробацияны кардарларына социалдык, материалдык жактан жардам көрсөтүү максаттарын коюп, жыйынтыктарды жакшыртуу үчүн иш аракеттер күчөтүлсүн жана пробациянын Ак-Талаа районундагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен тыгыз иш алып баруу керек” – деп бардык кеңештин мүчөлөрүнө талап койду.