Жумгал райондук пробация боюнча кенешинин жыйыны өткөрүлдү
2020-жылдын 17-мартында Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы Пробация боюнча кеңешинин 2020-жылдын 1-чейрегине карата – Жумгал району боюнча пробацияны ишке ашыруу жаатындагы абалдын кырдаалын талдоо, анын өзгөрүү динамикасы жөнүндө маалыматты угуу, социалдык жана материалдык жардам көрсөтүү боюнча көйгөйлүү маселелерди талкуулоо жана тиешелүү иш-чараларды өткөрүү боюнча чечим кабыл алуу максатында Пробация боюнча кеңешинин жыйыны өткөрүлдү.
Иш-чарага Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы Пробация кеңешинин курамы жана Жумгал районунун айыл өкмөт башчылары, мекеме - ишкана жетекчилери катышышты. Алар пробация органдарынын иши жөнүндө отчетту угушту.
Отчетко ылайык, 2020-жылдын 1-кварталында пробация органдары тарабынан пробация кардарларына кайра социалдаштырууга жана оор турмуштуктук кырдаалдан чыгууга көмөк көрсөтүү максатында Жаны-Арык, Кызыл-Жылдыз жана Мин-Куш айыл өкмөтүнөн гуманитардык жардам көрсөтүлгөн. Андан тышкары, жыйында пробация органынын кардарларына социалдык жана материалдык жактан жардам көрсөтүү, өздүгүн тастыктаган документтерин калыбына келтирүү боюнча иш аракеттерин жүргүзүү, жашы жете элек жаш өспүрүмдөрдү окутууга жардам көрсөтүлүү керектиги белгиленди.
Пробация боюнча кеңеш өз мүчөлөрүнө жергиликтүү деңгээлде тыгыз иш алып барып, пробацияны жүзөгө ашыруу жана пробация системасындагы органдар менен натыйжалуу аракеттерди камсыз кылуу жаатында жардамга муктаж кардарларга социалдык жана материалдык жактан жардам көрсөтүү жана кардарларды жумуш орду менен камсыз кылуусу милдеттендирилсин, каттоодо турган кардарларды кайталап кылмыштуулука барбоого профилактикалык иш–чаралар күчөтүлсүн дегеничечим чыгарды.