Нарын райондук Пробация боюнча кеңешинин жыйыны өткөрүлдү
Башкы / Окуялар / Пробация боюнча кеңеш / Нарын райондук Пробация боюнча кеңешинин жыйыны өткөрүлдү
2020-жылдын 12-мартында Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы Пробация боюнча кеңешинин 2020-жылдын 1-чейрегине карата жыйыны өткөрүлдү.
Жыйынга Пробация боюнча кеңешинин мүчөлөрүнөн тышкары Нарын районуна караштуу айыл аймактык өкмөттөрүнүн башчылары катышты. Отурумда кеңештин 2020-жылдын 1-кварталы боюнча отчету угузулуп 2-кварталга карата пландары белгиленген.
Бүгүнкү күндө Нарын району боюнча каттоодо 19 кардар турат, анын ичинен социалдык жана материалдык жардамга муктаж кардарлардын саны 10.
Отурумдун жыйынтыгында Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан уюштурулган «Азык-түлүк» программасынын тизмесине Нарын району боюнча пробация органынын каттоосундагы жардамга муктаж кардарларды киргизип, программанын алкагында жардам берүү чечими кабыл алынды.
Андан тышкары, жыйында Пробация боюнча кеңештердин негизги максаты - каттоодо турган жана жардамга муктаж болгон кардарларга социалдык жана материалдык жардам көрсөтүү боюнча көйгөйлүү маселелер да талкууланды. Анын ичинде, өздүгүн тастыктоочу (паспорт) документи алууга көмөк көрсөтүү, жакыр үй-бүлөө катары Социалдык өнүктүрүү башкармалыгында же айыл өкмөттүн каттоосунда тургандарды, жумуш менен камсыздоо ж.б маселелерди чечүү максатында тиешелуу иш-чараларды өткөрүү боюнча чечим кабыл алынды.