Жазалоо эмес, жол көрсөтүү
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Жазалоо эмес, жол көрсөтүү
2021-жылдын март айынын жыйынтыгы боюнча Нарын облусунда 146 аткаруу жана пенитенциардан кийинки пробациянын кардары: 7 айым, 136 эркек, 3 жашы жете электер каттоодо турат.
Алардын ичинен:
- 130 аткаруу пробациянын кардары жеңил кылмыш кылып, сот тарабынан аткаруу пробацияга жөнөтүлүп, жазасын өтүүдө.
- 16 пенитенциардан кийинки пробациянын кардары кылмыш боюнча соттолуп, түзөтүү мекемелеринен мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулган адамдар.
Андан тышкары, 85 сотко чейинки пробациянын кардарына, б.а. жазык процессинде айыпталуучу катары өтүп жаткан адамга биздин адистер “Пробациялык баяндама” даярдоо боюнча иш жүргүзүлгөн.
Нарындагы пробация органдарынын иш алып баруусу жөнүндө кененирээк Нарын телеканалы даярдаган “Жазалоо эмес, жол көрсөтүү” аттуу атайын репортаждан көрүңүз.
https://www.youtube.com/watch?v=hQ7Kz1hNk_A
Биз жөнүндө маалыматты соцтармактарда #probationkg хештеги менен табыңыз.