«ЖАРДАМ» акциясы уланууда
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / «ЖАРДАМ» акциясы уланууда
«ЖАРДАМ» акциясы уланууда
Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймак аралык башкармалыгынын аймактык органдарында өткөрүлүп жаткан “Жардам” акциясынын негизги максаты:
- сотко чейинки, аткаруу жана пенитенциардан кийин пробациянын кардарларына турмуштук оор кырдаалдан чыгууга жана кайра социалдаштырууга көмөк көрсөтүү.
- мамлекеттик органдардын адистери менен медициналык-социалдык жана юридикалык консультацияларды өткөрүү аркылуу алардын көйгөйлөрүн чечүүгө жардам көрсөтүү.
Жети-Өгүз району боюнча пробация бөлүмүнүн кызматкерлери Жети-Өгүз райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте 7 кардарга ун түрүндө жардам көрсөтүштү.
Ат-Башы району боюнча пробация бөлүмүнүн кызматкерлери Ат-Башы райондук Айыл өкмөтүнүн кызматкерлери менен биргеликте муктаж болгон Т.А., А.Р., К.С. кардарларына 8 мүшөктөн көмүр беришти.