Тажрыйба алмашуу.
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Тажрыйба алмашуу.
2022-жылдын 20-ноябрынан 26-ноябрына чейин "Кыргыз Республикасында сот адилеттиги секторун колдоо: пробация жана сот адилеттиги системасын өркүндөтүү жана санариптештирүү (бардыгы үчүн сот адилеттиги)" долбоорунун алкагында биздин кызматкерлер Латвия Республикасында болушат.
Сапардын максаты Латвия мамлекеттик пробация кызматынын тажрыйбасын үйрөнүү жана Кыргыз Республикасынын пробация системасына мыкты тажрыйбаларды киргизүү, ошондой эле кылмыштардын кайталануу тобокелдиктерин баалоо жана классификациялоо системасын изилдөө, мындан аркы кызматташтыкты өнүктүрүү жана кеңейтүү, достук байланыштарды чыңдоо болуп эсептелет.
Жумушчу сапардын алкагында Латвия Республикасынын Мамлекеттик пробация кызматы, психологиялык кеңеш берүү тармагындагы адистердин теориялык жана практикалык квалификациясын жогорулатуунун ыкмалары, кайра социалдаштыруу үчүн пробация программалары, медиация жана насаатчылык процесси менен таанышуу пландаштырылууда.
Биздин кызматкерлер Латвиянын мамлекеттик пробация кызматынын аймактык бөлүмдөрүнө да барышат.