Ошто Пробация боюнча кеңеш өткөрүлдү
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Ошто Пробация боюнча кеңеш өткөрүлдү
2021-жылдын 22-июнунда Ош шаарында алгач жолу Пробациялык кенешинин отуруму болуп өттү.
Кеңештин отурумуна жергиликтүү деңгээлдеги министрликтердин жана ведомстволордун түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, ошондой эле пробациянын кардарларын кайра социалдаштырууга түздөн-түз катышкан муниципалдык аймактык мекемелердин төрагалары катышышты.
Отурумдун башында Ош шаары боюнча пробация органынын өкүлү Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 24-февралындагы №34 “Пробация жөнүндө” мыйзамы боюнча жана пробация чөйрөсүндө жүргүзгөн жетишкендиктери жана пробация кардарларын ресоциализациялоодо жаралган айрым кыйынчылыктары боюнча баяндап кетти.
Отурумдун аягында Ош шаарынын биринчи вице-мэри Юсупов Замир Байышович кенештин мүчөлөрүнө ыраазычылыгын билдирип, мындан-ары пробация органынын кардарларына социалдык-укуктук жардамдарын мыйзам чегинде көрсөтүп, биргеликте иш жүргүзүп турууга чакырды.
Маалымат катары:
2021-жылдын 27-январында "Кылмыш мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" КР Мыйзамы кабыл алынган, ал эми 2021-жылдын 29-апрелинде Ош шаарынын мэриясынын алдында 16 адамдан турган Пробация боюнча кеңеш түзүлгөн (кеңешти түзүү жөнүндө токтом 2021-жылдын 19-апрелинде № 133-номери менен Ош шаарынын мэри Т. Н.Сарыбашев тарабынан бекитилген). Кеңештин төрагасы болуп Ош шаарынын Биринчи вице-мэри Юсупов Замир Байышович шайланды.