Комиссиянын биринчи отуруму болуп өттү
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Комиссиянын биринчи отуруму болуп өттү
Пробация департаментинин борбордук аппаратында сотторго материалдарды жөнөтүү маселелери боюнча аймактык пробация органдарынан келип түшкөн сунуштамаларды кароо боюнча Комиссиянын биринчи отуруму болуп өттү.
Бул отурумда 7 сунуш каралып, анын жыйынтыгы боюнча оң жана терс мүнөздөгү чечимдер кабыл алынды.
Маалымат үчүн: Сот органдарына сунуштамаларды киргизүүдө аймактык бөлүмдөр тарабынан мыйзам бузуулардын алдын алууга, коррупцияга жол бербөөгө багытталган профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү максатында Пробация башкармалыгынын буйругу менен комиссия түзүлүп, комиссиянын регламентинин тартиби бекитилген.