Биз биргебиз!
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Биз биргебиз!
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-апрелиндеги «Кыргыз Республикасында балдарды, улгайган адамдарды жана майыптарды коргоонун эл аралык күнүн жыл сайын өткөрүү жөнүндө» Токтомунун негизинде Араван райондук пробация органынын кызматкерлери тарабынан, пробация органынын каттоосунда турган ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кардар (ДМЧ) жана ДМЧ- балдары бар кардардын үй-бүлөсүнө гуманитардык (азык түлүк иретинде) жардам көрсөтүлдү.
Чон-Алай районунда эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан мүмкүнчүлүгү чектелген 20 (жыйырма) жараанга материалдык жактан жардамдар көрсөтүлүп, жаш өспүрүмдөр үчүн көнүл ачуу иш чаралар уюштурулуп, акчалай белектер тапшырылды. Аталган иш-чарага Чоң-Алай райондук пробация органынын кызматкерлери активдүү катышышты.
Ошондой эле Баткен облусу боюнча пробация бөлүмү жана аймактык пробация органдары Баткен шаарындагы "Нур" реабилитациялык борборунда окуп жаткан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга белектерди тапшырды.
Жалал-Абад областынын Ноокен районунда турмуштук оор сыноого кабылган 4 баласы тең сколиоз оорусу менен ооруган бир үй-бүлөгө акчалай жардам көрсөтүлдү.