Араван району боюнча Пробация бөлүмү
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Араван району боюнча Пробация бөлүмү
Укук бузуулардын алдын алуу боюнча Араван райондук Пробация бөлүмүнүн кызматкерлери, райондук ички иштер бөлүмүнүн жана райондук Эмгек, социалдык камсыздоо миграция башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте пробация кардарларын кайра кылмыш жасабоосу, коомдук тартипти бузбоосу максатында, алардын иштеген жана жашаган жерлерине барып текшерип, үй-бүлө мүчөлөрү жана аларга таасир этүүчү адамдардын катышуусунда профилактикалык иш-чаралар жүрүзүлдү. Ошондой эле алардын жеринде социалдык муктаждыктарын аныктоо иштери алып барылды.