2023-жылдын 6-февралында Пробация департаментинде «Hedayah» экстремизмге каршы күрөшүү борборунун делегациясы менен жолугушуу болуп өттү
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / 2023-жылдын 6-февралында Пробация департаментинде «Hedayah» экстремизмге каршы күрөшүү борборунун делегациясы менен жолугушуу болуп өттү
2023-жылдын 6-февралында Пробация департаментинде «Hedayah» экстремизмге каршы күрөшүү борборунун делегациясы менен жолугушуу болуп өттү.
Жолугушууга пробация департаментинин директору К.Казаков, директордун орун басары Д. Калматов, ошондой эле, Окуу-методикалык башкармалыгынын башчысы Р.Алымкулов катышты.
Бул жолугушуунун максаты зомбулук экстремизмге каршы аракеттенүүнүн алдын алуу боюнча пробация органынын кызматкерлеринин потенциалын жогорулатуу жаатында өнөктөштүк мамилелерди чыңдоо болуп саналат.
Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар 2021-2026-жылдарга диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясына тиешелүү тийиштүү багыттарды ишке ашыруудагы маселелерди талкуулашты.