АКШнын Мамлекеттик департаментинин «RAND» антитеррористтик бюросунун эксперттери менен Пробация департаментинин жетекчилиги менен жолугушуу болуп өттү
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / АКШнын Мамлекеттик департаментинин «RAND» антитеррористтик бюросунун эксперттери менен Пробация департаментинин жетекчилиги менен жолугушуу болуп өттү
2023-жылдын 3-февралында, АКШнын Мамлекеттик департаментинин «RAND» антитеррористтик бюросунун эксперттери менен Пробация департаментинин директору К. Казаков, директордун орун басарлары Д.Молдокул уулу жана Д.Калматов, ошондой эле Юстиция министрлигинин Пенитенциардык, пробациялык жана соттук-эксперттик ишмердүүлүк чөйрөсүндөгү саясат башкармалыгынын начальниги Р. Романов менен жолугушуу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар экстремисттик багыттагы кылмыштар үчүн соттолгон кардарларга пробациялык көзөмөл жүргүзүү менен байланышкан маселелерди талкуулашты.
Андан тышкары, Пробация департаментинин ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат презентацияланды, жолугушуунун жыйынтыгы боюнча мындан аркы кызматташуу маселелери талкууланды.