Пробация департаменти менен Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ортосундагы кызматташуу келишимине кол коюлду
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Пробация департаменти менен Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ортосундагы кызматташуу келишимине кол коюлду
Бүгүн, 1-февралда Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти менен Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ортосундагы пробация органдары үчүн адистерди даярдоо боюнча иш-чара өткөрүлүп, кызматташуу келишимине кол коюлду.
Макулдашуунун максаты пробация органдары жана пробация чөйрөсүндө иш алып барган башка мамлекеттик органдар үчүн жогорку квалификациялуу адистерди даярдоону жүзөгө ашыруу болуп саналат.
Салтанатка Юстиция министрлигинин Пенитенциардык, пробациялык жана соттук-эксперттик иштер чөйрөсүндөгү саясат башкармалыгынын начальниги Руслан Романов, Пробация департаментинин директору Кубан Казаков, Ж.Баласагын атындагы КУУнун ректору Төлөбек Абдрахманов, ошондой эле ЕБ жана БУУ БКБнын өкүлдөрү катышышты.