Бүгүн Пробация департаментинде «Ачык эшиктер күнү» өткөрүлдү
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Бүгүн Пробация департаментинде «Ачык эшиктер күнү» өткөрүлдү
Бүгүн Пробация департаментинде Юстиция министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, ошондой эле Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын басма сөз кызматтарынын өкүлдөрү үчүн «Ачык эшиктер күнү» өткөрүлдү.
Жыйындын жүрүшүндө Пробация департаментинин директору Кубан Казаков пробация органдары тарабынан күн сайын жүргүзүлүп жаткан иштерге кеңири токтолуп, катышуучуларды Департаменттин ишмердүүлүгүн санариптештирүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен тааныштырды.
Жолугушуунун негизги максаты- байланыштарды түзүү, ошондой эле өздөрүнүн функционалдык милдеттерин ишке ашырууда тыгыз өз ара аракеттенүү.