Свердлов райондук администрацияда пробация кеңешиинин кезектеги жыйыны болуп өттү.
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Свердлов райондук администрацияда пробация кеңешиинин кезектеги жыйыны болуп өттү.
Күн тартибине ылайык пробациянын кардарларына жөлөк пул алууда көп балалуу үй-бүлөгө жардам көрсөтүү жана ошондой эле туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана паспорт алууда көмөк көрсөтүү боюнча маселелер каралды.
Кеңештин жүрүшүндө көп балалуу үй-бүлөгө жардам көрсөтүү, жарандык паспорт алууга жардам көрсөтүү маселелерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде кароо Бишкек шаарынын Свердлов районунун калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүнүн адисине тапшырылды. Ошондой эле пробация кеңешинин жыйналышынын протоколдорунун аткарылышын контролдоо менен № 4, № 5, № 10 үй-бүлөлүк медицина борборлорунун адистерин кошуп Пробация кеңешинин курамына өзгөртүү киргизүү сунушу берилди.