Пробация департаменти тарабынан Пробациянын аймактык органдарынын ишмердүүлүгүнө ички мониторинг жүргүзүү методологиясынын долбоору иштелип чыкты.
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Пробация департаменти тарабынан Пробациянын аймактык органдарынын ишмердүүлүгүнө ички мониторинг жүргүзүү методологиясынын долбоору иштелип чыкты.
Пробация департаменти тарабынан Пробациянын аймактык органдарынын ишмердүүлүгүнө ички мониторинг жүргүзүү методологиясынын долбоору иштелип чыкты.
2022-жылдын 16-декабрында Бириккен Улуттар Уюмунун Баӊгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментинин, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Аппаратынын өкүлдөрүнүн катышуусунда расмий жолугушуу болуп өттү.
Жолугушууда Пробациянын аймактык органдарынын ишмердүүлүгүнө ички мониторинг жүргүзүүнүн методологиясынын долбоору тартууланды, жана ошондой эле жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы каралды. Мындан тышкары, Пробация департаменти менен Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын ортосунда пробациянын аймактык органдарынын ишмердүүлүгүнө ички мониторинг жүргүзүү боюнча өз ара аракеттенүү планын түзүү маселеси макулдашылды.