Эркиндигинен ажыратуу жайларынан бошотулган адамдарды интеграциялоо жана адаптациялоо
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Эркиндигинен ажыратуу жайларынан бошотулган адамдарды интеграциялоо жана адаптациялоо
Пробация департаменти менен “ЭФЬЮ” коомдук фондунун ортосунда кызматташуу тууралуу түзүлгөн Меморандумга ылайык 2022-жылдын 23-ноябрынан 12-декабрына чейин “Эркиндигинен ажыратуу жайларынан бошотулган адамдарды интеграциялоо жана адаптациялоо” долбоорунун алкагында түзөтүү мекемелеринде жаткан 56 соттолгон адамга окуу-семинарлар өткөрүлдү.
Тактап айтканда, пробация органынын кызматкерлери Кызыл-Кыя шаарында жайгашкан № 43-мекемеде, Жалал-Абад шаарында жайгашкан № 53 -мекемеде, Базар-Коргон районунда жайгашкан № 10-мекемеде жана Ош шаарында жайгашкан № 42, 25-мекемелериндеги жаза өтөө мөөнөтү аяктап жаткан соттолгондорго аталган методикалык колдонмолор боюнча окутуу жүргүзүлдү.