«Пробация» автоматташтырылган маалыматтык тутумун ишке киргизүү
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / «Пробация» автоматташтырылган маалыматтык тутумун ишке киргизүү
Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментинде "Пробация"АМТны ишке киргизүү аземи болуп өттү.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-январындагы №2-т буйругун ишке ашыруунун алкагында өттү, ага ылайык «Пробация» автоматташтырылган маалыматтык тутумун ишке киргизүү пландаштырылган.
Иш-чарага Юстиция министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментинин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына караштуу «Укук» мамлекеттик мекемесинин өкүлдөрү катышты.
Маалымат үчүн: “Пробация” автоматташтырылган маалыматтык тутумун иштеп чыгуу 2019-жылы башталган. Учурда «Пробация» АМТнын бардык блоктору жана модулдары күжүрмөн режимде ишке кирди