2022-жылдын 2-декабрь күнү “Ойлон. Сак бол!” медиакампаниясынын бет ачары болуп өттү.
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / 2022-жылдын 2-декабрь күнү “Ойлон. Сак бол!” медиакампаниясынын бет ачары болуп өттү.
2022-жылдын 2-декабрь күнү “Интерфейс Кансил” коомдук уюмунун жана “REOG Communications” өнөктөштүгү алкагында ишке ашып жаткан “Зомбулуктуу экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча бүтүндөй стратегиялык коммуникация” программасынын “Глобалдык медиаборбор” долбоорунун алкагында “Ойлон. Сак бол!” медиакампаниясынын бет ачары болуп өттү.
Иш-чарага Пробация департаментинин директорунун орун басары Д.Калматов, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясына караштуу Диний кырдаалды изилдөө борборунун жана башка мамлекеттик органдардын кызматкерлери, эл аралык уюмдар менен жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.
Медиа кампаниянын максаты – онлайн радикалдашууга каршы туруу жана Кыргызстандын жалпы калкын кибермейкиндиктеги коркунучтар тууралуу эскертүү.