Коррупциялык тобокелдиктердин алдын алуу!!!
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Коррупциялык тобокелдиктердин алдын алуу!!!
Свердлов райондук пробация бөлүмү коомдук иштерди аткарууда коррупциялык тобокелдиктердин алдын алуу боюнча тегерек стол өткөрдү.
Тегерек столго Свердлов администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын аппаратынын өкүлү, муниципалдык аймактык башкармалыктардын (МАБ) начальниктери, ошондой эле пробация бөлүмүнүн кызматкерлери катышышты.
Тегерек столдун жүрүшүндө коомдук иштерди аткаруу тартиби, ошондой эле коомдук иштерди аткарууда коррупциялык тобокелдиктерди алдын алуу тууралуу маселелер талкууланды.
Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча пробация бөлүмүнүн кызматкерлери менен МАБдын кызматкерлеринин ортосундагы мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн жолдорун жана ыкмаларын аныктоо сунушталды.