" Зомбулуктан жабыр тарткан балдарды жана аялдарды кызмат менен камсыз кылуу боюнча социалдык иштерди күчөтүү" темасында үч күндүк тренинг өткөрүлдү.
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / " Зомбулуктан жабыр тарткан балдарды жана аялдарды кызмат менен камсыз кылуу боюнча социалдык иштерди күчөтүү" темасында үч күндүк тренинг өткөрүлдү.
“Инсан мууну” коомдук фонду Пробация департаментинин кызматкерлери үчүн " Зомбулуктан жабыр тарткан балдарды жана аялдарды кызмат менен камсыз кылуу боюнча социалдык иштерди күчөтүү" темасында үч күндүк тренинг өткөрдү.
Тренингдин жүрүшүндө катышуучуларга коомдогу зомбулук көрүнүштөрү, зомбулуктун себептери, зомбулуктун алдын алуу, ошондой эле социалдык кызматтардын адистеринин үй-бүлөдөгү зомбулукту аныктоодо жана зомбулуктан жабыр тарткан аялдарга жана балдарга укуктук жана социалдык колдоо көрсөтүүдө компетенциясын күчөтүү тууралуу маалымат берилди.
Катышуучулар пробация жана башка социалдык кызматтардын кызматкерлеринин, аялдарга жана балдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук учурларында иш алып баруу көндүмдөрүн өркүндөтүштү.