2022-жылдын 13-сентябрында Ош облусунун пробация кызматкерлери үчүн тренинг өткөрүлдү .
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / 2022-жылдын 13-сентябрында Ош облусунун пробация кызматкерлери үчүн тренинг өткөрүлдү .
2022-жылдын 13-сентябрында Ош облусунун пробация кызматкерлери үчүн «Кыргыз Республикасында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган диний уюмдар», «Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаты ” жана диний экстремизм линиясы боюнча катталган кардарлар менен иштөө боюнча тренинг өткөрүлдү .
Тренингдин негизги максаты – диний экстремизм линиясы боюнча катталган кардарлар менен жетиштүү деңгээлде иш алып баруу, аларды реабилитациялоо жана катардагы кардарлардын арасында диний экстремисттик көз караштарды, ошондой эле бул багыттагы тобокелчиликтерди аныктоо болуп саналат.
Учурда Пробация Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча Аймактар аралык башкармалыгында диний экстремизм боюнча 127 кардар каттоодо турат, анын ичинен 101 эркек, 26 аял.