Пробация департаментинин кызматкерлери үч күндүк тренингден өтүштү
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Пробация департаментинин кызматкерлери үч күндүк тренингден өтүштү
Пробация департаментинин кызматкерлери БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын "Террористтик мүнөздөгү жана экстремисттик багыттагы кылмыштар үчүн соттолгондорду пробациялык көзөмөлдөө" долбоорунун алкагында үч күндүк тренингден өтүштү.
Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар пробациянын кардарлары менен туура мамиле түзүүнү, дене тилин талдоону жана колдонууну, оозеки кордоо учурунда реакцияны башкарууну жана агрессивдүү кардарлар менен иштөөнү үйрөнүштү. Ар бир теориялык тапшырма иш жүзүндө иштелип чыкты.
Тренингдин спикерлери Кыргызстандагы БУУ БКБ долбоорунун эл аралык координатору Айишах Джулиан жана БУУ БКБ долбоорунун Тажикстандагы эл аралык координатору Шах Салман Хан болушту.