2022-жылдын 22-24-августунда Пробация департаменти "Инсан мууну” коомдук фонду менен биргеликте жашы жете элек пробациянын 20 кардарларына үч күндүк тренинг өткөрдү .
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / 2022-жылдын 22-24-августунда Пробация департаменти "Инсан мууну” коомдук фонду менен биргеликте жашы жете элек пробациянын 20 кардарларына үч күндүк тренинг өткөрдү .
2022-жылдын 22-24-августунда Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти "Инсан мууну” коомдук фонду менен биргеликте Кашка-Суу айылында жашы жете элек пробациянын 20 кардарларына үч күндүк тренинг өткөрдү .
Программа төмөнкү темаларды камтыды:
- агрессиянын жана зомбулуктун себептери жана кесепеттери;
- жамааттагы чыр-чатактуу кырдаалды чечүү;
- зомбулукту жана агрессияны аныктоо, жеңүү, алдын алуу жана зомбулук учурунда кайда кайрылуу керек;
- агрессияны жана кыянаттык менен зомбулукту жеңүүнүн психологиялык аспектилери.
Ошондой эле тренингдин катышуучуларына чатыр орнотуу жана табигый шарттарда лагерь куруу, жаратылышка зыян келтирбестен от жагуу, экстремалдык кырдаалдарда өз ара жардам көрсөтүү боюнча көндүмдөр үйрөтүлдү.
Бул иш-чаранын максаты ювеналдык пробациянын кардарларын зомбулуксуз баарлашууга жана зомбулукту, агрессияны жеңүүгө үйрөтүү болуп саналат.