2022-жылдын 24-августунда комиссиянын кезектеги жыйыны болуп өттү.
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / 2022-жылдын 24-августунда комиссиянын кезектеги жыйыны болуп өттү.
2022-жылдын 24-августунда сот органдарына, Пробация департаментинин аймактык бөлүмдөрүнөн келип түшкөн пробация кардарларынын тиешелүү сунуштамаларды жөнөтүү үчүн өздүк иштерин кароо боюнча комиссиянын кезектеги жыйыны болуп өттү.
Комиссиянын жыйыны жаңы форматка өттү, башкача айтканда, аймактык пробация органдары тарабынан коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу максатында комиссия мындан ары пробациянын кардарлары менен онлайн жана офлайн режиминде сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
Маалымат үчүн: Комиссиянын бул жыйыны мыйзамдуулуктун бузулушун болтурбоого, сот органдарына сунуштарды киргизүүдө аймактык бөлүмдөр тарабынан коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алууга багытталып профилактикалык чараларды көрүү максатында өткөрүлөт.