"Бардыгы үчүн сот адилеттиги" долбоорунун жетектөөчү комитетинин биринчи отуруму болуп өттү.
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / "Бардыгы үчүн сот адилеттиги" долбоорунун жетектөөчү комитетинин биринчи отуруму болуп өттү.
2022-жылдын 27-июлунда «Кыргыз Республикасында сот адилеттиги секторун колдоо: пробация жана сот адилеттиги системасын өркүндөтүү жана санариптештирүү (бардыгы үчүн сот адилеттиги)» долбоорунун жетектөөчү комитетинин биринчи отуруму болуп өттү.
Жыйынга Юстиция министри Аяз Баетов, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурордун орун басары Турусбек Ишеналиев, Пробация департаментинин директору Кубан Казаков, Кыргыз Республикасындагы Европа Биримдигинин жана БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын өкүлдөрү, ошондой эле Юстиция министрлигинин, Пробация департаментинин, Жазаларды аткаруу кызматынын кызматкерлери катышышты.
Катышуучуларга 2022-жылга карата иш планы сунушталып, анда санариптештирүүгө жана пробациянын кардарларын реабилитациялоого өзгөчө көңүл бурулду.
"Бардыгы үчүн сот адилеттиги" долбоорунун максаты - Кыргыз Республикасында жазык сот адилеттиги тутумун гумандаштыруу жана эл аралык стандарттарга жана ченемдерге ылайык жазык сот адилеттигин реформалоону жүргүзүү үчүн өлкөнүн потенциалын жогорулатуу болуп саналат.