Пробация департаментинде санариптештирүү маселелери боюнча кеңейтилген жыйын болуп өттү.
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Пробация департаментинде санариптештирүү маселелери боюнча кеңейтилген жыйын болуп өттү.
Пробация департаментинде санариптештирүү маселелери боюнча кеңейтилген жыйын болуп өттү.
Жыйынга, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын санариптик өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы А.Буржуев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын кырдаалдык борборунун өкүлү, юстиция министринин орун басары А. Зарылбек уулу, санариптик өнүктүрүү министринин орун басары И.Шаршенова, Пробация департаментинин директору К. Казаков, "Пробация" АМТн иштеп чыгуучулары (КРнын Башкы прокуратурасынын алдындагы "Укук" мамлекеттик мекемеси), чакырылган коноктор- Европа Биримдигинин өкүлдөрү Й.Лерер жана Д.Нурумов, ошондой эле Пробация департаментинин кызматкерлери катышышты.
Катышуучуларга "Пробация" АМТ презентацияланды, ошондой эле анын башка мамлекеттик органдардын АМТлары менен интеграциялоо маселелери жана Пробация департаментинин бизнес-процесстерин санариптештирүү маселелери талкууланды.