Ноокат райондук мамлекеттик администрациясында 2022-жылдын экинчи кварталынын жыйынтыгы боюнча пробация кеңешинин жыйыны болуп өттү.
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Ноокат райондук мамлекеттик администрациясында 2022-жылдын экинчи кварталынын жыйынтыгы боюнча пробация кеңешинин жыйыны болуп өттү.
Ноокат районунун пробация кеңешинде кандай маселелер каралды?
Жакында Ноокат райондук мамлекеттик администрациясында 2022-жылдын экинчи кварталынын жыйынтыгы боюнча пробация кеңешинин жыйыны болуп өттү .
Ноокат райондук пробация органынын башкы адиси Н.Эрмаматов ө з сөзүндө төмөндөгү маселелерди көтөрдү.
-Постпенитенциардык пробациянын кардары С.З.М ге медициналык жана социалдык жардам көрсөтүү;
- Турмуштук оор кырдаалга кабылган жана туруктуу жашаган жери жок кардарлар Б.Э.Б., Т.З., жана Д.К.Д.га жардам көрсөтүү.
Жыйындын жыйынтыгында Ноокат райондук Эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгына, Ноокат райондук ооруканасына жана жергиликтүү айыл өкмөтүнө, кардарлар Б.Э.Б., Д.К.Д., Т.З., жана С.З.М. боюнча келип түшкөн маселелерди ыкчам чечүү, жана ал боюнча маалымат берүү тапшырылды.